Бүгүн Эл аралык тоолор күнү. Биздин күнөстүү мамлекетибиздин дээрлик көпчүлүк бөлүгүн тоолор ээлейт. Тоолук эл катары жашоо тиричилигибиз, табиятыбыз ошол улуу тоолор менен тыгыз байланышкан. 2003-жылы Кыргыз мамлекетинде Эл аралык тоолор жылында ЮНЕСКОнун чечими менен атайын саммит өтүп, ага бүткүл дүйнө жүзүнөн делегаттар катышып, БУУнун жакшы пикирин жараткан. Ошентип, Эл аралык тоолор күнү 2003-жылдан бери белгиленип келет. БУУнун Башкы ассамблеясы эл аралык уюмдарды бул күнү элдердин көңүлүн планетанын тоолуу аймактарындагы көйгөйлөргө бурууга багытталган иш-чараларды уюштурууга үндөгөн.
11-декабрга карата жылнаама.