Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагындагы №7241-шайлоо тилкесинде 100гө жакын адам шайлоого катышты. Шайлоонун жүрүшүн укук коргоо кызматкерлери, "Тез жардам" кызматы, ошондой эле байкоочулар көзөмөлдөп турушат. Айрым учурларда аппараттар иштебей, 5-10 мүнөткө чейин күтүп калып жатышты.
Байкоочу Залкар Бабыров: "Байкоочу болуп отурам. Баары тартиби менен жүрүп жатат. Тизмеден өзүн таппай калгандар жок", - деди.
"Бул шайлоо тилкесинде 8 мандатка 28 талапкер ат салышып жатат. Айрым учурларда эле аз убакытка аппараттар иштебей калып, ал учурда 10дой адам кезек күтүп калууда. Мындан сырткары шайлоочу бардык процедурадан өтүп, бирок чек чыкпай калган учурлар катталды", - деп билдирди 7241-шайлоо тилкесинин төрайымы Алтынай Дакинова.
Белгилүү болгондой, аталган шайлоо тилкесинде 1712 шайлоочу бар.
"Кабинада добуш берип жаткан шайлоочуга көрсөтмө берип жаткан бир эреже бузууну байкадым. Ага эскертүү берилди", - деди байкоочу Улан Оморалиев.