Бүгүн, 11-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланды жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Нуржан Шайлдабекова референдумга шайлоочулардын 42 пайызы катышканын билдирди (саат 22:00гө карата). Мыйзамга ылайык, референдум өттү деп таанылды. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 2 аптанын ичинде жарыяланууга тийиш.
2015-жылкы парламенттик шайлоодогудай эле жарандар биометрикалык маалыматтын негизинде добуш беришти. Жарыш саат 08:00дө башталып, чү дегенде шайлоо тилкелеринде техникалык мүчүлүштүктөр катталды. Бишкек шаарында, аймактарда бюллетендерди автоматтык текшерүүчү жабдыктар иштебей, шайлоочуларга ыңгайсыздыктарды жаратты. Алардын бири - "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев добуш бере турган №1220-шайлоо тилкесинде биометрикалык системдин иштебей калганы. Мындан тышкары премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баш болуп бир нече жаран тизмеден өзүн таппай калган фактылар катталды. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевдин пикиринде, техникалык мүчүлүштүктөр сейрек кездешчү көрүнүш жана анчалык коркунучтуу эмес. ММКларга жарыяланган маалыматтарга ылайык, өлкөдө 5 шайлоо тилкесинде ушундай кемчиликтер болду. Биометрикалык систем бузулган фактылар массалык көрүнүшкө айланганда элде шайлоонун таза өтөрүнөн шек саноолор күчөмөк, ансыз деле шайлоо процессине нааразылар четтен чыгат. Талапка ылайык, бюллетендер электрондук жабдуунун жардамы менен автоматтык түрдө жана урнаны ачкандан кийин кол менен саналат. Эки эсептөөнүн жыйынтыгы бири-бирине дал келиши керек. Бюллетендер электрондук түрдө саналбай урнага ташталып жатканын айткандар чыкты, булар тийиштүү органдар көңүл бура турган фактылар. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо да Адахан Мадумаров өңдүү айрым саясатчылар бир катар шайлоо тилкелеринде добуштарды электрондук эсептөө менен колго саноонун ортосунда ири айырма чыгып жатканын айтып билдирүү жасашкан. Бирок алардын аргументтери шайлоонун жыйынтыгына таасир тийгизе алган жок, сот тарабынан шайлоодо олуттуу мыйзам бузуулар болгону далилденген эмес.
Бул жолку шайлоого жарандар пассивдүү катышты. Референдум үчүн керектүү болгон 30 пайыздык чекке добуштар кечинде, шайлоонун бүтөрүнө аз убакыт калганда жеткени мунун далили. Бул пассивдүүлүк жарандарда бийликке ишенимдин жоктугунун же "менин добушум эмнени чечмек эле" деген кайдыгерликтин белгиси. 2015-жылкы парламенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 59 пайызы катышкан эле.
Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарындагы №5-кесиптик лицейде добуш берди. Бюллетень таштагандан кийин өлкө жетекчиси журналисттердин алдында шайлоонун жыйынтыгына божомол айтты. Президент Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо КСДП жана "Республика-Ата Журт" партиясы жеңиши мүмкүн экенин билдирди. Бийликтин оппоненттери бул билдирүүнү тийиштүү органдарга эскертүү катары баалап, "президент шайлоонун жыйынтыгы кандай чыгышы керектигин алдын ала айтып жатат" дешти. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып спикер Чыныбай Турсунбеков шайлоо күнү кайсы бир партиянын атын айта албай турганын, бул үгүттөө болуп каларын билдирип, "Кайсы партияда мүмкүнчүлүк бар?" деген суроону жоопсуз калтырды. Президент референдумга жарандардын 30 пайызы катышып берсе да жакшы көрсөткүч болорун, мурункудай 90, 100 пайыз деген көрсөткүчтөр болбой турганын да айткан эле.
Үйрөнгөн адат калабы, шайлоодо жарандардын добушун сатып алуу аракеттери жүрдү. Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, добуштарды сатып алуу боюнча республикада 5 факт катталды. Бирок бул "акчалуулар" кайсы партиялардын өкүлдөрү экени айтылган жок. Талас облусунун тургундары да партиялар тарабынан акча сунушталып жатканын ММКларга айтышты. Сунушталган акчаны кимдер алып, кимдер баш тартып жатканы белгисиз. Белгилүүсү - эгер шайлоочулар добушун акчага, аракка бааласа, тааныш-билиштик, туугандык кызыкчылыктардан арыла албаса, анда алардын жашоо жакшырбай жатканын айтып даттанууга моралдык укугу жок. Негизи, шайлоолор сайын партиялар жоопкерчиликтүү болуп, саясий маданият улам жакшырып отурушу керек. Бул үчүн башкы жоопкерчилик элдин өзүндө. Эл партиялардын 500 сомуна эмес, сунуштаган программасына, идеясына карап тандай баштаса, партияларда жоопкерчилик жогоруламак. Арзыбаган акчага добуш алмашуу адаты улана берсе, жашоонун жакшырышы кыйын...