ЖЫЛНААМА, 11-ДЕКАБРЬ: 173 жыл мурун кургак учукту, сибирь жарасын козгоочу бактерияларды аныктаган немис микробиологу Роберт Кох төрөлгөн

Кургак учукту, сибирь жарасын козгоочу бактерияларды аныктаган немис микробиологу Роберт Кох 1843-жылы 11-декабрда Германиянын Клаусталь-Целлерфельд шаарында туулган.

Гёттинген жогорку окуу жайында окуп, медицинанын доктору даражасына ээ болгон. Француз-орус согушу учурунда аскер хирургу болуп иштеген. Андан соң өзүнүн микробиологиялык лабораториясын ачып, сибирь жарасын изилдей баштаган. Буга байланыштуу бир нече эксперимент жүргүзүп, аталган оорунун себеби болгон бактерияны аныктаган.
1880-жылы Роберт Кох Германиянын Берлиндеги Империялык саламаттыкты сактоо бөлүмүндө өкмөттүк кеңешчи болуп иштеп калат. Ошол мезгилде өлкөдө кургак учуктан улам ар бир 7-адам көз жумуп турган. Мындан улам окумуштуу туберкулёздун козгогучун табууну чечет. Ошентип, 1882-жылы 24-мартта ал ооруну пайда кылган таякча түрүндөгү бактерияларды таап, коомчулукка жар салган. Ал эми Индияда иштеп жатканда Кох немис өкмөтүнүн тапшырмасы менен холера илдетин чакыра турган микробду тапканын жарыялаган.
1885-жылы микробиолог Берлин университетинин профессору жана Гигиена институтунун директору болуп дайындалган. 1905-жылы кургак учукту дарылоого багытталган изилдөөлөрү жана ачылыштары үчүн физиология жана медицина боюнча "Нобель" сыйлыгына ээ болгон.
1910-жылы 27-майда окумуштуу жүрөк дартынан улам Германиянын Баден-Баден шаарында көз жумган.

11-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан