Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында тургундар паспорттогу жазуу үчүн шайлоого катышпай калышты

Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл өкмөтүндө тургундар паспорттогу жазуу үчүн шайлоого катышпай калышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын тургуну билдирди.

"№5021-шайлоо тилкесинде айыл тургундарынын айрымдары шайлоого катышкан жок. Буга паспортундагы "Сары-Булак айылы" деген жазуу себеп болду. Аталган айыл өкмөтү Кызыл-Булак жана Кара-Булак болуп экиге бөлүнөт. Кызыл-Булакта жашаган жашоочулардын көбүнүн паспортунда "Сары-Булак айылы" деп жазылган экен. Мурдагы шайлоолордо мындай нерсе болгон эмес. Бул маселени айыл өкмөтү да, аким да чечип бере алган жок. Баары кол шилтеп кетип калышты", - дейт окурман.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
din_tomas
2016-12-11 18:00:40
Далил кана ?(сурот,видео)
+2
futboler
2016-12-11 20:13:58
Кызыл менен кара усту аргындаштырса сары тус келип чыгат экен да, жаны ачылыш)))
0
madina.87
2016-12-12 00:45:02
Менда шайлай алган жокмун.
Мени менен барган беш-алты келинди да паспортто жазылган айылынарга барып шайлайсынар деп катыштырбай коюшту.
Биздин укукту ким коргойт?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан