Бишкек шаарын Жаңы жылга карата кооздоо башталды. 10-декабрдан тарта "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы балатысы орнотулуп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аны 19-декабрда жандырышат. Бийиктиги 25 метрге барабар болгон жаңы жылдык балатыны "Бишкек свет" жана "Тазалык" ишканалары орнотушууда. "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасы Кароосуз калган балдарды реабилитациялоочу, Балдарды социалдык жактан адаптациялоочу, "Айданек" реабилитациялоочу жана Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин реабилитациялоочу борборлорунун аймактарына 4 метрлик балатыларды орнотушат", - деп айтылат маалыматта.
Мэриянын мыкты жасалгалоо боюнча жүргүзгөн сынагынын алкагында балатылар орнотулмакчы. Ленин районунда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имаратынын жанында 15 метрлик балаты орнотулду. Ал эми "Ош базарынын" аймагында 5 жаңы жылдык балаты орнотулат. 1-Май районунда Панфилов атындагы сейил бакта, Свердлов районунун Шабдан баатыр жана Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде да балатылар орнотулары маалым болду. Октябрь районундагы Д.Асанов атындагы сейил бакта 11 метрлик балаты орнотулду. Сейил бактын аймагында жаңы жылдык жарманке өтмөкчү.