Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордогу унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот

2016-жылдын 12-декабрында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90-чакырымдарында, Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр унаа жолунун 75-82-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Нарын-Казарман унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкесинин 42-44-чакырымдарында), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 60-68-чакырымдарында (Сары-Мойнок, Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2016-жылдын 9-декабрында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС-билдирүү жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан