Артиллериялык куралды колдонуп кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Бишкек-Ош унаа жолунда (132-137, 198-250-чакырымдарында) коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн 2016-жылдын 10-декабрынан 14-декабрына чейин артиллериялык куралды колдонуп кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.
"Жогорудагы иштерди аткаруу үчүн КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан артиллериялык эсеп 2016-жылдын 11-декабрында кар көчкү коркунучу бар аймактарды чалгындоо иштерин жүргүздү. Натыйжада Бишкек-Ош унаа жолунун 222-223-231-236-246-чакырымдарында кар көчкүлөрдү атып түшүрүү мерчемделди. 2016-жылдын 12-декабрында ӨКМнын ыкчам тобу Башкы штабдын артиллериялык эсеби менен биргеликте кар көчкүлөрдү атып түшүрүүнү 222-чакырымда баштайт", - деп айтылат маалыматта.