
Кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана постсоветтик жазуучу, Кыргыз ССРнин Эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры жана Кыргыз Эл Баатыры Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Шекер айылында жарык дүйнөгө келген.
Атасы Төрөкул Айтматов КПССтин Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Ал 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон. Апасы Нагима Айтматова - теги боюнча караколдук татар, жергиликтүү театрда актриса болуп иштеген.
Жазуучу Ветеринардык техникумду, Кыргыз айыл чарба институтун жана Москвадагы жогорку адабий курстарды аяктаган. Андан кийин журналист, редактор болуп иштеп, ошондой эле СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.

1952-жылдан баштап анын "Ашым", "Гезитчи Дзюйо", "Кайракта", "Сыпайчы", "Ак жаан", "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" аңгемелери жарык көрө баштаган. Ч.Айтматовго анын дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган "Жамийла" повести дүйнөлүк атак-даңк алып келген. 1963-жылы "Тоолор жана талаалар баяны" жыйнагы үчүн Айтматов Ленин сыйлыгына татыктуу болгон. Жазуучунун 60-80-жылдардагы "Бетме-бет", "Кызыл жоолук жалжалым", "Бото көз булак", "Биринчи мугалим", "Саманчынын жолу", "Жаныбарым, Гүлсары!", "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повесттери, "Кылым карытар бир күн", "Кыямат", "Кассандра тамгасы", "Тоолор кулаганда" ("Түбөлүк колукту") романдары маданий маанидеги дүйнөлүк окуяга айланып, Чыңгыз Айтматовду ХХ жүз жылдыктын акырындагы XXI кылымдын башталышындагы залкар жазуучулардын бири, рухий турмушту эң татаал абалында чагылдырууга жөндөм-шыгы жеткен жаңы типтеги сүрөткер катары таанытты.

Анын китептери 170тен ашык тилге которулуп, 60 миллиондон ашык нуска менен басылган. Алар коомдо билим берүү, тарбиялоо процессинин ажырагыс бөлүгүнө айланып, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө мектептердин жана университеттердин программасына кирген.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча жаралган кинофильмдер жана спектаклдер көп улуттуу кинематографиянын жана театрдын тарыхында өзүнчө бир жаркын барак болгон: "Жамийла", "Биринчи мугалим", "Саманчынын жолу", "Фудзиямадагы кадыр түн", "Кылым карыткан бир күн", "Кыямат" Стамбулдун, Софиянын, Улан-Батордун, Варшаванын, Бухаресттин, Праганын, Лондондун, Токионун, Москванын, Санкт-Петербургдун жана дүйнөнүн башка көп өлкөлөрүнүн экрандарында ийгиликтүү көрсөтүлүп, сахналарында коюлуп келе жатат.
Маалыматтарга караганда, улуу жазуучу эл көзүнчө ыйлаган киши болгон эмес. Жашоодо ага эң жакын адамдары: энеси Нагима Айтматова, биринчи жубайы
Керез Шамшибаева жана
Бүбүсара Бейшеналиева каза болгондо көз жашын токтото албай, шолоктоп ыйлаган дешет. Эл арасында жазуучу атактуулуктун туу чокусунда турганда биринчи жубайын таштап, башка сулууну жандап кеткени үчүн өзүн өмүр бою күнөөлөп жүргөн деп айтылат. Ал сулуу атактуу балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева болгон. Улуу инсандын арзуусуна айланган белгилүү балерина менен чыгаан жазуучунун тунук махабаты тууралуу кептер азыркыга чейин
айтылып келет.
Атактуу жазуучу 3 уул, бир кыздын атасы болгон (Санжар, Элдар, Аскар, Ширин). Улуу жазуучу 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен көз жумган.
Көзү өткөн соң Ч.Айтматовдун ысымы Бишкектеги сейил бактардын бирине, Орус драма театрына ыйгарылган.
2008-жылы Чолпон-Ата шаарында жазуучунун музейи ачылган.
Бишкек шаарында, Татарстан Республикасынын Казань, Түркиянын Анкара, Азербайжандын Баку, Казакстандын Астана шаарындагы көчөлөргө анын ысымы ыйгарылган.
2007-жылы Айтматовго арналган почта белгиси чыгарылган.
2011-жылы "Ала-Тоо" аянтында жазуучунун эстелиги орнотулган.
2011-жылы Лондон шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык сыйлык негизделген. Сыйлыкты Лондондо түзүлгөн Айтматов академиясы жазуучунун туулган күнүндө тапшырат.
2013-жылы Санкт-Петербург шаарындагы гүлзарга Айтматовдун наамы ыйгарылган.
2013-жылы Москвада, 2014-жылы Түркиянын борбору Анкара шаарында улуу жазуучунун бюст-айкели ачылган.
12-декабрга карата жылнаама.