Белгилүү америкалык "National Geographic" журналы жыл сайын жыл жыйынтыгын чыгарып, түрдүү номинациялар боюнча жеңүүчүлөрдү атап келет. Аталган журналдын "Жылдын жаратылыш сүрөтчүсү" номинациясында байге алуу табигый жаратылышты сүрөткө тарткан фотографтар арасында абройлуу сыйлык катары эсептелинет.
Бул жылы басылма 9-декабрда "Жылдын жаратылыш сүрөтчүсү" фотосыйлыгынын жеңүүчүлөрүн аныктаган. Ага ылайык, сыйлыктын лауреаттары редакция кызматкерлери менен биргеликте Галапагос аралдарына 10 күндүк саякатка чыгышат.
Анда эмесе, жогоруда жеңүүчүлөрдүн эмгектерин назарыңыздарга сунуштайбыз.