Өрт көзөмөл башкармалыгы: "Пиротехниканы мыйзамсыз саткандар боюнча текшерүү жүргүзүүгө Экономика министрлиги уруксат берген жок"

"Дордой" базарында 4 соодагерге гана жардыргыч заттарды сатууга уруксат берилген. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын Аскерлештирилген №2-өрттөн сактоо бөлүгүнүн башчысы Нургазы Султанбеков билдирди.

"Дордой" базарынын аймагында 4 гана соодагерге жардыргыч заттарды сатууга уруксат кагазы берилген. Аларга атайын текшерүү жүргүзүлүп, соода жайын көрүп, талапка жооп берген жай экенин аныктагандан кийин бергенбиз. Биз уруксат берген соодагерлерден товар сатып алып жаткандар мыйзамсыз иштешүүдө. Анткени ар бир соодагер өзүнчө уруксат алышы керек", - деп билдирди Султанбеков.

Нургазы Султанбековдун маалыматына ылайык, жардыргыч заттарды өрт коопсуздугу сакталган жайда сатууга уруксат берилген. Пиротехника сакталган жайда тамеки тартууга, тамактарды жасоого, жылытуучу жабдууларды колдонууга болбойт. Ошондой эле тамеки тартууга тыюу салынган белги, өрт өчүрүүчү каражаттар болуусу шарт.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын Өрт көзөмөл башкармалыгынын башчысы Таалайбек Өмүрзаков пиротехника каражаттарын мыйзамсыз саткандар боюнча текшерүү жүргүзүүгө Экономика министрлиги уруксат бербей жатканын билдирди.

"Биз базарларды кыдырып текшерүү жүргүзүү үчүн уруксат алууга Экономика министрлигине кайрылганбыз. Бирок алар текшерүү мыйзамга туура келбейт деп, уруксат бербей коюшту. Андан соң Бишкек шаардык мэриясына кайрылдык. Алар азыркы күндө текшерүүчү комиссия түзүүнүн аракетин көрүп жатышат. 20-декабрга чейин Бишкек шаарынын мамлекеттик администрациясы менен биргеликте атайын рейд жүргүзөбүз. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, жеринде протокол толтурулуп, айып салынат", - деди Өмүрзаков.

Эске салсак, "Дордой" базарынын 50дөн ашуун соода жайында жардыргыч заттар сатылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
barakcha
2016-12-13 12:35:05
Туура эмес.Пиротехникалык заттарды сатууга тыйуу салгандан кийин,баарына бирдей мамиле кылышынар керек эле.Бироонун(силерге доля бергендин)товарын саттырып,калганына тыйуу салганынар акыйкатсыздык!
+3
Tansuluu09
2016-12-13 12:40:32
barakcha,туура айтасыз, бирдей мамиле жасасында
+2
azamat.k
2016-12-13 12:43:59
Башка закондор иштебей жатканда,пиротехникага мин ирет тыю салса да сатыла берет.Бизде Кыргызстанда баары бир го,ар ким оз билгенин кылып,акча болсо эле оозун жап кылмай.Андан коро аракты тыйгыла ошентип.
+1
barakcha
2016-12-13 12:49:20
azamat.k,Бул жогорку жактагы"Адам"дарга ишенич жок калды.Колдорунан ХХХ келбейт.Акыретин ойлобогон "адам"дар!
+1
admin_portal
2016-12-13 12:50:41
barakcha, этика нормаларын сактаңыз!
-3
adimyrza
2016-12-13 13:07:26
Силер уруксат берди бербеди деп уйкусураганынарча сататурган сатып алатурган алып буттот майрамдан кийин текшересинер буйруса
+2
Saribulak
2016-12-13 13:55:26
Э бул бир чондуку муну эч ким тыя албайт! Сатылып келген сатыла берет.
+1
abusait
2016-12-13 14:17:49
Андан коро элди угуттош керек пиротехника албагыла деп. Ошондо оздору эле жок болушат бангирот болуп.
+3
Omush94
2016-12-13 19:42:20
abusait,эн туура мен сизге кошулам
+1
Nurkyz1977
2016-12-13 22:59:35
Балык башынан сасыйт дегендей ушу бийликтегилердин хамален болуп,мин турлонгону кыжырды келтирет. Бири тыюу салдык десе,экинчиси уруксат бергенбиз деп,орт коопсуздугу саталгандар сата берсе болсо анда экологиянын бузулушун кеп кылып башынарды оорутпай тынч жумшак креслодо отура бергиле ойдолобой. Эл камын коргон адам жок,ар ким оз чонтогу учун иштеп калган заман. Кытайдан тонналап алып келген байды кармаганга алдары жетпей эртен базарда тачкага туртуп саткандарга чон милициялар кайран гана заман
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан