Япон студенттерине лекцияларды эми робот окуй баштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.
Маалыматтарга караганда, мугалим-робот азыркы учурдагы япон адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири, жазуучу Нацумэ Сосэкиге окшоштурулуп жасалган. Иштеп чыгуучулардын планына ылайык, робот студенттерге адабият боюнча сабак өтүп, Сосэкинин чыгармаларынан үзүндү окуп берет. Ошондой эле программисттер окуучулар робот-лекторго кандай реакция кыларына байкоо жүргүзүүнү пландашууда.