Немис акыны, публицист жана сынчы Генрих Гейне 1797-жылы 13-декабрда Германиянын Дюссельдорф шаарында жарык дүйнөгө келген.
1817-жылы Гейне алгачкы ырын жарыялап, 1823-жылы "Лирикалык интермеццо" деген аталыштагы ырлар жыйнагын чыгарган. Акын саясий публицистика жанрында да чеберчилик менен жаза билген. Алсак, анын "Саякат сүрөттөрү" деген кара сөз түрүндө жазылган 4 томдук эмгегинин биринчиси ага атак-даңк алып келген.
1831-жылы акын Германиядан Парижге көчүп барган. Анын Франция жөнүндөгү эмгектери коомдук турмушка, саясатка, искусствого жана театрга арналып жазылса, Германия жөнүндөгү чыгармаларында ал философия жана адабиятка арналган темаларда жазган.
1856-жылы 17-февралда Генрих Гейне ден соолугунун начарлашынан улам 59 жашында көз жумган.
13-декабрга карата жылнаама.