Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 88 жылдыгына карата 12-декабрдан тарта жер-жерлерде эскерүү кечелери, көргөзмөлөр жана башка бир катар иш-чаралар уюштурулууда. Алардын бири Түркиянын Анкара шаарында кечээ, 12-декабрда өттү.
Аталган иш-чара "KYRGYZ YOUTH" жаштар клубунун уюштуруусу менен Түркия Республикасынын Премьер-министрине караштуу Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш улуттар башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылган.
"Иш-чарага Түркия Жазуучулар союзунун, Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш улуттар башкармалыгынын өкүлдөрү, "Tүрксой" Эл аралык уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Кожогелди Култегин, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, эл аралык студенттер, магистранттар, докторанттар жана башкалар катышты. Иш-чаранын максаты Чыңгыз Айтматовду Түркияга таанытуу эмес. Улуу жазуучуну ансыз да бүтүндөй түрк эли жана башка элдер билишет. Биз Айтматов аркылуу Кыргыз Республикасын таанытып жатабыз", - дейт "KYRGYZ YOUTH" Эл аралык жаштар клубунун төрагасы Мырзахит Мырзаев.
Иш-чаранын алкагында чакырылган коноктор сөз сүйлөп, жазуучуга арналган ырлар окулуп, улуулугу даңазаланганын кошумчалайт Мырзаев.