Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзийоев парламенттин палаталарынын жыйынында бүгүн, 14-декабрда ант берди. Бул тууралуу "РИА Новости" басылмасы жазды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирза-Улугбек Абдусаломов Шавкат Мирзийоевге Өзбекстандын президентинин күбөлүгүн тапшырганы белгилүү болду.
"Андан соң өлкө башчы колун Конституция менен Куранга коюп ант берип, республиканын Конституциясын жана мыйзамдарын сактап, жарандардын укугун жана эркиндигин камсыздоону, ага жүктөлгөн милдеттерди так аткарууну убадалады", - деп жазат басылма.
1990-жылдан бери өлкөнү башкарып келген Ислам Каримов каза болгондон кийин Шавкат Мирзийоев 4-декабрда президенттик шайлоодо жеңишке жеткен.