Бишкектеги "Аламүдүн" базарында өрт коопсуздугу сакталбаганы үчүн жетекчилигине 50 миң сом айып салынды

"Аламүдүн" базарынын жетекчилигине 50 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Экологиялык техникалык-инспекциянын басма сөз кызматы бүгүн, 14-декабрда кабарлады.

"Аламүдүн" базарында өрт коопсуздук талаптары одоно бузулган, базар жетекчилиги тарабынан өрттүн алдын алуу чаралары көрүлгөн эмес, шаймандары толук эмес, соода тилкелеринин баш аламан, жыш жайгашкандыгынан өрт өчүрүүчү унаалардын кирүүсүнө тоскоолдук жаралган. Инспекциянын адистеринин айтымында, өрт кырсыгы орун алса, жарандар жабыркап, соодагерлер олуттуу материалдык чыгымга учурашы мүмкүн", - деп билдиришти инспекциядан.

Маалыматка ылайык, аныкталган кемчиликтер боюнча жеринде акт, протоколдор толтурулуп, буга чейин берген эскертүүлөрү аткарылбагандыктан, "Аламүдүн" базарынын башкармалыгына 50 миң сом айып салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан