Бүгүн, 14-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Казакстан чек арадан ветеринардык көзөмөл качан алынарын дагы эле ачыктабай жатат. Бул маселе көптөн бери күн тартибинде. Акыркы жолу 2016-жылдын 16-ноябрында Москва шаарында Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынында көтөрүлүп, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак чек арасынан ветеринардык көзөмөл алынбай жатканын ортого салган. Казакстандын премьери бул маселе боюнча акыркы жоопту казак өкмөтү 2016-жылдын 30-ноябрына чейин бере турганын айткан эле. Казакстан дагы деле жооп кайтара элек. Абал өзгөрүүсүз калып жатканын SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы тастыктады. Демек, кыргыз дыйкан-фермерлеринин азыктарын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттерге экспорттоого даңгыр жол качан ачылары дагы эле бүдөмүк.
Кыргыз Республикасы аталган альянска 2015-жылдын 12-августунда толук мүчө болгон. 2016-жылдын апрель айында премьер Жээнбеков өлкөдө ветеринардык лабораториялар курула баштап, кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык текшерүү 1-августта жоюларын билдирген. Бул сөз баарынан мурун мал чарбасында иштегендерге майдай жаккан, бирок алардын үмүтү актала элек. Өлкөдө ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу ишине июнь айында гана старт берилди. 4 лаборатория 2017-жылга даяр болушу керек эле, жыл аяктап баратат, лабораториялардан азырынча дайын жок. Казакстандын моюн толгоп жатканынын бирден-бир себеби да ушул, Кыргыз жеринде эл аралык стандартка жооп берген лаборатория жоктугуна шылтап кыргыз тараптын эт, сүтүн өзүнүн аймагына киргизбей жатат. Ошондой эле Кыргыз жеринде 2014-жылы катталган шарп ылаңын дагы жүйө келтирип, эл аралык эпизоотикалык бюронун талабы боюнча мындай ылаң катталган өлкө үчүн ветеринардык көзөмөл 2 жылга чейин алынбашы керектигин бетке кармоодо. Кыскасы, Кыргыз Республикасы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга даяр эмес деген пикирде. Жайында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн эксперттери келип, Кыргыз Республикасындагы ветеринардык кызмат биримдиктин талаптарына жооп берет деген корутунду чыгарган. Ага карабай бул маселеде казактар коңшулук, боордоштук тилектештигин көрсөтүүгө шашылган жок. ЕАЭБ түзгөн мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бизге өздөрү өндүргөн продукцияны кеңири сатып жатат. Жогорудагы шылтоолордун негизинде бизден өндүрүлгөн продукцияны өздөрүнө киргизбей бууп турат. Экономикалык блокадага алды десе да болот, президент Алмазбек Атамбаев муну жакында "сырдуу блокада" деп атады. Бирок эң негизги маселе Казакстандын принципиалдуулугунда эле эмес, бир жарым жылдан бери эл аралык талапка жооп берген лаборатория кура албай жаткан кыргыз бийлигинин алсыздыгында. Лабораториялар ЕАЭБге мүчө болуп киргенге чейин жок дегенде кирген учурдан тарта курулуп башташы керек эле. Уюмга Кыргыз мамлекетин кошуп жатканда Орусия лабораториялар үчүн атайын жабдууларды берүүнү, Казакстан акчалай жардам көрсөтүүнү убадалаган. Ал убадалар аткарылбай калганын өлкөнүн Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов ырастады. Ал эми Орусия, Казакстан, Беларуска тең ата өнөктөш болобуз деп биримдикке кирген Кыргыз мамлекетинин чамасы өз алдынча 4 лаборатория курууга жетпей жатат. Бюджет тартыш, ага карабай миллиондор экономикалык жактан маанилүү долбоорлорго эмес, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, жергиликтүү кеңешке шайлоо менен бирге референдум өткөрүүгө, жаңы шайланган депутаттарга алтын жалатылган төш белги, кызматтык күбөлүк жасатуу өңдүү иштерге жумшалып жатат. Эми жаңы жылдык кечелерге, белек-бечкектерге далай акча коротулат. Тийиштүү орган ветеринардык көзөмөл боюнча азырынча кенен маалымат берилбей турганын, бул сүйлөшүүлөргө тескери таасирин тийгизиши мүмкүн экенин билдирди. 26-декабрда Орусияда Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйыны өтөт, өчпөгөн үмүт ушул отурумда. Өкмөттөгү жеке булактар да бул темага акыркы чекит ушул жыйында коюлары күтүлүп жатканын кабарлашты...
Мурунку президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов Бишкекти "Нью-Йоркко айландыруу" менен алек. Активист Бишкектин бир көчөсүндөгү көрнөк такталарын өзгөчө жасалгалап чыкты. Жолдун кесилиштерине кайсы көчө кайсы тарапта жайгашканын көрсөтүп, көчөдө велосипед менен жүрүүгө жол тилкеси бар экенин билдирип туруучу такталар илинди. Жаңы эмгегин Садыбакасов АКШнын Нью-Йорк шаарындагы такталарга салыштырды. Бишкек мэриясын күтүп отура бербей, жаштардын шаарды жакшыртууга колдон келген аракетин жасаганы кубандырат. Болгону алдын ала уруксат алышса... Мындай иштерди шаар башкармалыгынын уруксатысыз өз алдынча жасоого болбойт. Андыктан мэрия мындай демилгечилер менен кызматташууну жакшыртып, жарандык активисттер менен мэриянын ортосунда түшүнбөстүктөр болбой турган деңгээлге чыгаруусу керек. Бир стандарттан чыккысы келбеген мэрия бул ишти колдойбу же адаттагыдай "вандализм" деп атап каршы чыгабы күтө туралы. 2012-жылы Атай мырза акция уюштуруп Жаш Гвардия бульварынын Баатырлар аллеясын электр лампалары менен жарыктандырганда мэрия "архитектуралык нормаларды бузду" деп, лампаларды алдыртып салган. Ошол кездеги Бишкектин мэри, учурда парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Садыбакасов уюштурган акцияда вандализмдин элементтери бар экенин, маданий мурастарды талкалоого тете иш экенин айтып сындаган эле. Бишкек мэриясынын мындай тоскоолдук жаратуусу муну менен эле чектелбейт. 2014-жылы активист Айбек Баратов шаардагы жол чырактарга быйтыкчаларды чаптап чыккан. Жашыл жарык күйгөндө жылмайып турган, кызыл күйгөндө кабагын бүркөп турган быйтыкчалар пайда болгон эле. Максаты жарандарга позитив тартуулоо экени айтылган, бирок мэрия уруксат берилбегенин айтып, уюштуруучуларга быйтыкчаларды кайра алдырткан. 2 жыл мурун Бишкектин "Жеңиш" аянтындагы отургучтар да активисттердин аракети менен жаңыланган. Жол сызыктарын жаңылоо боюнча да акциялар өткөрүлүп келет. Кыскасы, активисттер мындай иштерди көп эле жасашат, бирок Бишкек мэриясында алар менен чогуу кызматташуу аракети жок. Эгер демилгечилер менен иштешүүнүн жеңил жолун түзүп, аларга дем-күч берип турганда шаар үчүн көп иштерди жасоого мүмкүнчүлүк жаралат эле. Мэрия бүгүн өзү жасабай, бюрократиялык талап-шарттар менен демилгечилердин да каалоосун жоготуп жатат...
Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзийоев кызматына расмий түрдө киришти. Ал бүгүн өлкө парламентинин кош палатасынын жыйынында ант берип, президенттик күбөлүгүн алды. Ошентип, 31 миллион жараны бар Өзбекстандын жакынкы 5 жылдагы тагдыры, ички-тышкы алакасы Мирзийоевдин колуна тапшырылды. Саясат жаатындагы эксперттер, анын ичинде Кыргыз мамлекетиндеги серепчилер Мирзийоевдин тушунда кыргыз-өзбек мамилеси жанданарын божомолдоп жатышат. Буга Өзбекстан лидеринин акыркы 3 айдагы (Ислам Каримов көз жумгандан кийинки мезгил) аракеттери, жасаган билдирүүлөрү да негиз болууда. Соңку жылдары туңгуюкка кептелген эки өлкөнүн алакасы Өзбекстанды убактылуу башкаруу укугу Мирзийоевге берилгенден кийин жанданды. Октябрдын башында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосунда эки урунттуу иш сапар уюштурулду. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри баштаган делегация Анжиян шаарына барса, жооп катары Өзбекстандын премьер-министринин орун басары баштаган ири делегация октябрдын аягында Ош шаарында болду. Октябрь айында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосунда 49 чек ара тилкеси боюнча позициялар макулдашылганын айтып коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты. 8-13-ноябрь күндөрү Фергана шаарында жумушчу топторунун жолугушуусу өтүп, анда кошумча 7 тилкеси боюнча пикирлер дал келгени айтылды. Жалпы алганда 56 тилке боюнча позициялар дал келген. Калган тилкелер боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү. Ушул сыяктуу фактылар өлкөлөрдүн кызматташтыгы жакшырат дегенден кабар берет. Интернет желесине жакында президент Шавкат Мирзийоевдин жыйында коңшу мамлекеттер тууралуу сүйлөгөнү тартылган видео тарады. Тасмадан Мирзийоевдин: "Тышкы саясатты жүргүзүүдө бардык мамлекеттер, биринчи кезекте кошуна мамлекеттер менен достук мамиледе болууну өзүбүздүн биринчи милдетибиз деп билебиз. Алардын ийгилиги - биздин ийгилигибиз, алардын утушу - биздин утушубуз. Бизге атаандаш эмес, кызматташтык керек", - дегенин көрүүгө болот. Жакынкы күндөрү өлкө жетекчилигинен делегация Самаркандга иш сапары менен барары айтылууда. Демек, кыргыз-өзбек алакасын жакшыртууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Өлкөлөр ортосундагы талаштын чечилип, мамиленин жакшырышына өмүр бою эшиктеш жашап, келин алып, кыз беришип келген эл, чек ара жаңжалы бүтпөгөн айылдарда жашаган жарандар муктаж.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара тилкесинин узундугу 1378 чакырым. Анын 324 чакырымы талаштуу аймактар болуп эсептелет.