Бүгүн, 14-декабрда Бишкектеги Токтогул көчөсүндөгү илинген такталар мыйзамсыз тагылган деп алынууда. Бул тууралуу SUPER.KG`ге "Бишкек асфальт-сервис" ишканасынан билдиришти.
"Көчөдөгү жол белгилеринин үстүнө башка белгилерди орнотууга уруксат берилбейт. Ал эми жогоруда аталган көчөгө орнотулган такталар мыйзамсыз болгондуктан учурда алынууда".
Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн экс-президенти Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов Токтогул көчөсүнө Нью-Йорк шаарындагыдай такталарды илгенин айтып чыккан. Ал эми Патрулдук милиция бул тууралуу "такталарды уруксатсыз илген активисттерди сотко берсе болот" деген оюн билдирген.