Өз унааңа бактылуу номерди утуп жана сатып алууга үлгүрүп кал!

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы «мыкты» номерлер үчүн тамгалардын жаңы сериясын ачты.

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы сандардын өзгөчө комбинациясы: 001, 777, 555 жана дагы 177 башка мамномерлер үчүн «ААВ», «ААС», «ААD»

Сентябрь айында nomer.srs.kg сайтында аукциондор ийгиликтүү ишке киргизилгенден кийин баарынан көп жакшы номерлер Бишкек шаарында жана Чүй облусунда «ААА» сериясы менен сатылган. Буга байланыштуу кийинки серияларды ачуу зарылдыгы келип чыкты.

Аукциялык номерлерди сатуу ишке киргизилгенден тартып бардыгы болуп 6 716 000 сом суммасына 92 комбинация сатылган, алардан 91% өлкөнүн мамлекеттик бюджетине которулат.

Белгилей кетүү керек, сандардын өзгөчө комбинацияларын сүйүүчүлөр үчүн сандардын каалаган комбинациясы менен номерди тамгалардын жаңы сериясы менен сатып алуу мүмкүндүгү пайда болду.

Катышуу жана каттоодон өтүү эрежелери менен төмөнкү видео-нускамадан таанышууга болот: http://nomer.srs.kg/instructions.xhtml

Онлайн-аукциондордун өтө турган күндөрүн nomer.srs.kg сайтынан карап алыңыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
etaj_rus79
2016-12-15 15:09:23
ушул номерлер бакыт алып келет деп ким гарантия бере алат
+8
Saribulak
2016-12-15 15:59:03
Эптеп элден акча чогултуш керекда. Бюджетке тушту акча деп туруп нары жагын оздору билишет чондор. 6 миллион эл ушу бийликтегилерди бага албай жаман кыйналдык
+19
Nursultan.m.n
2016-12-15 17:55:52
Чынын айтсам
Биз мамлекетти багабыз
Мамлекет бизди эмес
+11
Koshaly
2016-12-15 19:26:12
мындай номер алгыча , кайрымдуулук иш кылсан көбүрөөк пайда табасын
+9
tyrgon
2016-12-15 21:44:45
Ушу номерлер бактылуу кылат бекенби?
+3
leilek_suluktu
2016-12-15 21:58:03
Мен мен деген байлар бар кыргызстанда сатылып кетет
+2
Targarien
2016-12-16 00:15:16
Кыргызстандын байлары да мерез Ал кооз номерди бекер алгысы келет Анан ошол номерди алса эле олчойгон муйуз чыгабы
+4
Usow
2016-12-16 07:01:42
Кыргызстандын эли бай мамлекетти чындап эле элдер багып ататго а чондор болсо эл багып аткан мамлекетти ХХХ кемирип жеш менен убара уялбай
+5
Kroxa
2016-12-16 09:37:52
Ыраазы ошол номерлел чиновниктерге буюрсун,нам не в карману,оз номерим эле ак жолтой болуп турат,,аукционго биздей адамлар катыша албайт...
+5
Revolyutsiya
2016-12-16 10:54:10
Казынага тушту дешет, кааласа казынага тушуруп кайра эле сууруп алышты жакшы билишет. Ар жылы казынадан ар ведомствого миллиарддап акча болунот, ал акчалар максаттуу, орундуу пайдаланганы тууралуу эч ким билбейт. Мамлекеттик ревизорлор, аудиторлор болсо курсагы менен чонтогун томпойтуп баса беришет. Миллиарддар болунуп да катардагы кызматкерлердин маянасы 4000-6000 сом!!! Жетекчилер болсо миллиондоп "жен ичинен" сугунуп журушот. Бул акчалар да ким бироолордун кулкунуна кетет да..
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан