Эйфель мунарасын курган атактуу франциялык инженер Александр Гюстав Эйфель 1832-жылы 15-декабрда Франциянын Дижон шаарында жарык дүйнөгө келген.
Политехникалык институтта билим алып, 26 жашында Бордо шаарындагы темир көпүрөнүн долбоорун иштеп чыккан. Ал эми 1876-жылы таланттуу инженер Париждеги "Бон Марше" деген универсалдык дүкөндү курган. Эйфель Франциядагы эле эмес, Европадагы көптөгөн курулуштардын долбоорлорунун автору болуп эсептелет. Мындан тышкары инженер 1881-жылы Американын символу болуп эсептелген "Эркиндик" статуясынын тулкусун түзүп берген.
Ал эми Франциянын сыймыгы болуп эсептелген Эйфель мунарасын куруу иштери 1887-жылы 28-январда башталып, 1889-жылы 31-мартта аяктаган. Ага керектелүүчү бардык элементтер жана темир-тезектер өтө так өлчөмдө өлчөнүп, Эйфелдин өзүнүн ишканасында жасалган. Мунара 18 миң элементтен туруп, 2 миллион кадоолор менен кадалган жана жалпы салмагы 10 миң тоннаны түзгөн. Курулушта бир убакытта 250 жумушчу эң жогорку бийиктикте жайдын аптаптуу ысык күндөрүндө да, кыш чилдесинин ызгаардуу суугунда да тынбай иштешкен.
Эйфель мунарасы 1889-жылы 31-мартта салтанат менен ачылган. Мунаранын конструктору Гюстав Эйфель темирден курулган мунаранын чокусуна жөө чыгып, Франциянын туусун орноткон жана бул курулушка анын ысымы берилген. Мунаранын бийиктиги 324 метрди түзөт.
Анын эң бийик аянтчасында инженер өзүнүн кабинетин жайгаштырып, 1890-жылдан баштап теоретикалык изилдөөлөр менен алектене баштаган. Ал эми 1900-жылдан тарта Эйфель аэродинамика тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүп, бир нече эмгектерди жараткан.
Инженер-куруучу 1923-жылы 28-декабрда 91 жашында каза болгон.