Бүгүн, 15-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Казакстандык олигарх Мухтар Аблязов 2005-жылы Кыргыз Республикасындагы революцияны каржылаганын франциялык "Liberation" гезитине курган маегинде билдирди. Бул тууралуу 14-декабрда "Фергана ньюс" жазды. Аблязов өзүнө карата жасалган куугунтук саясий мүнөздө экенин билдирип, өзүнүн саясий ишмердүүлүгү тууралуу айтууда Кыргыз мамлекетиндеги окуяларды мисал келтирген. "2005-жылдын башында Кыргыз Республикасындагы режимди кулатууга жардам көрсөтүү үчүн оппозицияны каржылагам. Постсоветтик республикалардын биринде демократиялык процесстер башталып, алардын туура реформаларды жүргүзүүгө жетишүүсү Казакстанга мисал болуп берүүсү мен үчүн маанилүү эле", - дейт Аблязов. Эскерте кетсек, Мухтар Аблязов Казакстандын мурдагы энергетика, индустрия жана соода-сатык министри, ошондой эле БТА банкынын Директорлор кеңешинин төрагасы болгон. БТА банкы Казакстан өкмөтүнүн көзөмөлүнө өткөндөн кийин, 2009-жылы ал өз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Аблязов буга чейин Казакстанда каржылык көз боёмочулук иштери боюнча айыпталып, ага эл аралык издөө жарыяланган. Ал 2011-жылдан 2012-жылга чейин Улуу Британияда баш калкалап, 2013-жылы Франциянын түштүгүндө кармалган. Бирок Франция өлкөлөр ортосунда тийиштүү макулдашуу жоктугун жүйө келтирип, аны Казакстанга өткөрүп бербей келген. Аблязовго ошондой эле Орусия менен Украинада да кылмыш иши ачылган. 2013-жылдын июнь айында Мухтар Аблязов Кыргыз Республикасынын жараны катары Осмонов Нурдин Бекиевич, Жамалов Мурат Салиевич наамындагы жасалма паспортторду алгандыгы белгилүү болгон. Ал паспортторду мурунку президенттин иниси Жаныш Бакиев алып бергендиги тууралуу сөздөр да айтылган. Кыргыз жергесиндеги болуп өткөн эки революция тең бийликтин иш-аракеттерине элдин нааразычылыгынын негизинде ишке ашкан. Кыргыз мамлекетинде 2005-жылдагы Март, 2010-жылдагы Апрель революцияларына дал ушундай мүнөздөмө берилип келет. Бирок революциялардын башында турган оппозиция сырткы күчтөр тарабынан каржыланганы тууралуу маалыматтар да айтылып келе жатат. Мындай “атакка” журт башында жүргөн азаматтар айыптуу. Революция эле эмес, алар ар бир шайлоо сайын коңшу Казакстан, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн жетекчилеринин кабыл алуусуна чуркап, алардын колдоосун кошумча күч катары пайдаланышат. Коңшу өлкөлөрдүн лидерлери менен кол алышкан сүрөттөрүн килейген көрнөк-жарнактарга илип, шайлоочуларга бул жол аркылуу да таасир этүүгө аракет кылышат. Андай колдоо көрсөтүүнүн баасы, куну канча? Колдогон тараптын кызыкчылыгы эмнеде? Ошол колдоосу үчүн алар эмнени талап кылышат? Мухтар Аблязовдун “Казакстанга мисал болмок” дегени "Кыргыз мамлекети эксперименттерди жасап көрүүчү аянтчага айланганбы?" деген суроону жаратат. Кыргыз өлкөсү айрым бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн тажрыйба өткөрө турган аянтчага айланбашы керек. Кайсы бир өлкөнүн колдоосуна ээ болуп, бирок өз элинин колдоосуна арзый албаган бийликтин өмүрү кыска болорун тарых далилдеп келе жатат...
Депутат Жылдыз Мусабекова: “Такси жана маршруттук таксилерди мурун соттолгон адамдар айдап жүрүшөт. Андайлар менен жүрүү кооптуу. Аларга көзөмөлдү күчөтүп, айдоочулардын өмүр баянын карап чыгуу керек”, - деп билдирди. Өлкөдө соттолуп, абакта жүрүп келген адам мамлекеттик жумуштарга орношо албайт. Алар айдоочу, куруучу, ашпозчу өңдүү кара жумуштарда иштеп жан багышат. Анан алардан ошол мүмкүнчүлүктү алып салуу абактан бошоп чыккандарды кайрадан кылмышка барууга түртпөйбү? Дегеле соттолуп келген адамдардын арасында да, абакта жаткандардын ичинде да бейкүнөө кесилип кеткендери канча? Өлкөдө түрмөдөн кийин эркиндикте жашоого адаптациялоочу иш-чаралар айрым бир бейөкмөт уюмдар жана Жаза аткаруу кызматы тарабынан анда-санда жүргүзүлүп калганы болбосо, бул иш системдүү түрдө колго алынган эмес. Каражаттын жетишсиздигинен улам токтоп кала берип, жетиштүү деңгээлде жүрбөй жатканын аталган мекемеден билдиришти. Албетте, абактан чыккандардын арасында оңолуп, татыктуу жашайын деп ойлонушпай, кайра эле мурунку жолуна түшүп, кылмышка баргандар бар. Бирок түрмөдөн чыгып, эркиндикте өзүнүн татыктуу ордун издегендерге эмнеге мүмкүнчүлүк бербеш керек? Швеция, Нидерланды өлкөлөрүндө түрмөдөгү адамдарды реабилитациялоо жолу менен кылмышкерлердин саны азайып, абактар жабылып баштаганын чет элдик маалымат булактары билдирип келишет. Демек, "соттолгон" деген кара такты коюудан мурун, абактан чыккан адамга мүмкүнчүлүк берүү туура жол болот. Баарынан жакшысы - кылмыштуулук көйгөйүнүн тамырын кесүү. Билим берүү тармагына, коомду тарбиялоого жетиштүү каражат, көңүл бөлбөгөн мамлекет кийин абак салууга аргасыз болот. Бекеринен "мектептер ачылган жерде түрмөлөр жабылат" деп айтылбаса керек. Андыктан депутаттарга көйгөйдү тамырынан, тереңинен чечүүнү сунуштаган туура...
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп бүттү. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов шайлоого чейин “эгер мени жаңы шайланган депутаттар шайлабаса, анда кетүүгө даярмын” деп билдирип келген. Шайлоодон кийинки жыйынтыктар Албек мырзанын ордунда эле каларын көргөзгөндөй. Дегенибиз, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жарышка катышкан “Кыргызстан” партиясы “КСДПнын клону” деген атка конуп, кийин Жогорку Кеңешке келген соң КСДПнын колун узартуучу, добушун көбөйтүүчү долбоор экени көпчүлүккө түшүнүктүү болгон. Жогорку Кеңеште ийгиликтүү ишке ашкан бул долбоор эми шаардык кеңеште да бийлик үчүн жемиштүү болчудай. Бул ирет “Кыргызстан” партиясы Бишкек шаардык кеңешинде 5 орунга ээ болду. Бишкектеги шайлоодо өзүн көрсөтө алган “Мекеним Кыргызстан” партиясын жаз айларында Ош шаардык кеңешине болгон шайлоо учурундагы жеңишинен кийин серепчилер "бийликке жакын партия" деп аташкан эле. Учурда бул партия Бишкек шаардык кеңешинен 7 орун камсыз кылды. “Мекеним Кыргызстан” партиясын ажонун мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун долбоору деген сөздөр да айтылууда. “Кыргызстан” боюнча жоромолдор туура чыккандай эле “Мекеним Кыргызстан” боюнча дагы учурда айтылып жаткан сөздөр чын чыкса, демек, 13 орду бар КСДП өзүнүн ишенимдүү долбоорлору (“Кыргызстан” жана “Мекеним Кыргызстан”) менен шаардык кеңеште кайрадан көпчүлүк чечүүчү күч болуп чыгат. Учурдагы Жогорку Кеңештегидей Өмүрбек Бабановдун “Республика-Ата Журту” оппозицияда калып, Албек мырза жылуу ордун сактап калат деп жыйынтык чыгарууга болот...