Тумандын айынан чек арадан өткөн Кыргыз мамлекетинин үч жараны Өзбекстандан кармалды

Ала-Бука районунда жоголгон Кыргыз мамлекетинин үч жараны тумандан улам Өзбекстандын аймагына өтүп кетип, коңшу өлкөнүн чек арачылары тарабынан кармалган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматы боюнча, учурда Кыргыз өлкөсүнүн жарандары Чуст РИИБинде кармалып турушат, ден соолуктары канааттандырарлык. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өзбек тарап кармалган жарандарды жакынкы убактарда өткөрүп берүүнү убадалаган.

Маалымдалгандай, 14-декабрда Ала-Бука РИИБинин кызматкерлери дайынсыз жоголгон үч жаранды издөөгө көмөктөшүү өтүнүчү менен чек арачыларга кайрылышкан. Кыргыз чек арачылары өзбек кесиптештеринен жардам сурашкан. Жыйынтыгында 11-декабрда жоголгон жарандар чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кармалышканы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
MES
2016-12-16 09:06:26
Ошондо үч күн жатышканбы?
0
ularik_kg
2016-12-16 14:02:58
3 кун энесини таанытат, кандай эле чекараны билбей калмак билет билип туруп туманда отуп кеткен, туура эле кылыптыр кармап бошотпош керек, алар тартипти бузгандар болуп саналат, биздин кыргыздар оло ичинен бышкан
-1
ularik_kg
2016-12-16 14:06:47
Ушулардын айынан биз озбектер баш ийип жалынып аларды чыгарып алабыз,о збектерге жалдырап, аларды кыргызстанга откондон кийин одминистратавдик айып пулуну салыш керек, Биз Намысту Кыргыз элибиз каяктагы озбектер не жалдырабашыбыз керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан