ЖЫЛНААМА, 16-ДЕКАБРЬ: 70 жыл мурун Парижде Кристиан Диордун алгачкы мода үйү ачылган

1946-жылы 16-декабрда 41 жаштагы модельер Кристиан Диор Париж шаарында 85 кызматкери бар мода үйүн ачкан. Компаниянын баштапкы капиталы 6 миллион франкты түзгөн.

1947-жылы Диордун алгачкы кийимдер коллекциясы тартууланып, "Harper's Bazaar" журналынын башкы редактору Кармел Сноу аны "New Look" (жаңы көрүнүш) деп атаган. Аталган кийимдер топтому ийгиликтүү болуп, Голливуддун жылдыздары дизайнердин кардарларына айланышкан.
Ушул эле жылы Диор "Christian Dior Parfum" деп аталган парфюмериялык бренд чыгарган. Биринчи жыпар жытты дизайнер эжесинин урматына "Мисс Диор" деп атаган.
1952-жылы фирманын "Christian Dior Models Limited" деген аталыштагы филиалы Лондон шаарында ачылган. Бир жылдан кийин компаниянын ишмердүүлүгү Мексика, Канада, Куба жана Италия өлкөлөрүнө тараган.

Бүгүнкү күндө "Christian Dior" мода үйү кийим, парфюмерия, декоративдик косметика, аксессуарлар, ич кийим жана териге кам көрүүчү каражаттарды өндүрөт. Компанияда жылына 20 миллиард евро акча айланып турат. Ал эми андагы кызматкерлердин саны 76 миңден ашат.

16-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан