Катардагы Доха шаарында алгачкы жолу боз үй тигилди

Катардагы Доха шаарында алгачкы жолу боз үй тигилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын элчиси Нуран Ниязалиев бүгүн, 16-декабрда маалымдады.

"Тигилген боз үй катарлык белгилүү жана абройлуу шейхтердин бирине таандык. Ага бул боз үйдү мындан 2-3 жыл мурун Кыргыз жергесиндеги Жаштардын дүйнөлүк ассамблеясынын жетекчиси Саид Баюми жеткирип бериптир. Шейх ушунча жылдан бери аны тиге турган киши таба албай, боз үй ошол бойдон кампада жата бериптир. Тилекке каршы, бир аз эскирип, кээ бир жерин күбө жеп кетиптир. Жакында эле Катарда иштеп жүргөн кыргыз балдарга жолугуп, боз үйдү тигип берүүнү сураныптыр. Дохада биздин ынтымактуу жаштарыбыз иштешет. Азамат, Айдар, Дастан, Жоодар, Сүйүн деген жигиттерибиздин аракети менен ушул боз үй шейхтин үйүнө тигилди", - деди элчи.

Алар менен чогуу Нуран Ниязалиев өзү да барган. Боз үй 18-декабрда белгиленчү Катар мамлекетинин майрамы - Улуттук күнүнө карата тигилген. Шейх ошол күнү үйүнө келген конокторуна боз үйдү көргөзөрүн айткан. Ошондой эле элчи Нуран Ниязалиев Доха шаарына боз үй тигүү максаты бар экенин кошумчалады.

"Эгерде элчиликке боз үйдү белек катары бере турган кыргыз ишкер же филантроп инсан чыкса, биз абдан ыраазы болуп, Доханын кооз жерине тургузмакпыз. Муну менен ал жалпы элге көргөзүлүп, кыргыз элинин маданияты, тарыхы, салты даңазаланмак", - дейт Ниязалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан