Талас районунда 25 мектеп директору, 7 бала бакчанын жетекчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Талас районунун акими Бакыт Нуржанов билдирди.
Маалыматка ылайык, директорлордун кызматтан алынышына 24-октябрда жумуш убактысында иш ордун таштап, Бишкек шаарына Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобековага жолугуу үчүн кеткендиги себеп болгон. Алар Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Назаралиеванын кызматтан алынышына нааразычылык билдирип, аны кайра өз ордуна кайтарууну талап кылышкан.
"25 мектептин директору жана 7 бала бакчанын башчылары чогулуп, район жетекчилигинен же облустук администрациядан уруксат албай Бишкекке кетип калышкан. Мында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси одоно түрдө бузулган. Алар Билим берүү министрлигине түшүнүксүз талаптарды коюп, Жогорку Кеңешке барышкан. Директорлордун бул аракетин Жогорку Кеңештин Социалдык комитети карап, аларга чара көрүүнү талап кылган. Жыйынтыгында директорлор өз эрки менен арыз жазышып, кызматынан бошотулушту", - деп билдирди район акими.
Бакыт Нуржановдун маалыматына ылайык, Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Назаралиева кызматынан бошотулган. Анын ордуна Байыш Керимбаев дайындалган. Учурда мектептерде окуу бөлүмүнүн башчылары иш алып барышууда.
Эске салсак, Талас районунда 28 мектеп бар.