СУПЕРСТАН: "Муни" деген сөз чечендерде эркектин мүчөсүн билдирет экен"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ыңгайсыз сөздөр" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Орусияга келгенде атыбызды кыскартып айтабыз го. Былтыр мен бир чечендин үйүндө иштеп калдым. Анын бир тууганына бала багуучу адам керек болуп, бир тааныш кызды алып барып, аты Муни (Мунара) деп тааныштырдым. Чечен келин менен кайненеси бирин-бири карап эле "Муни жаман угулат экен, башка эле ат коёлу" деп калышты. Анан Мира деп коюшту. Көрсө, "муни" деген сөз чечендерде эркектин мүчөсүн билдирет экен. Аны кийин Мунара айтып күлөт".

"5-класста окусам керек эле, атам-апамдар болуп телевизор көрүп жатканбыз. Анан "проститутки" дегенге түшүнбөй калып апамдан сурасам "билбейм, атаңдан сура" деп койду. Атамдан үч ирет сурасам да унчукпайт, укпай жатат го деп жанына барып дагы сурап коём".

"Кичинемде "смирно" деген сөздү туура эмес угуп, үйгө келип кошуна балдарды тизип алып "сперма-аа" дей берипмин кайра-кайра. Кошуна эже карап күлүп коюп жаткан. Кечинде атам кулакты кызарта чойду го, чиркин!"

"Эжем бала-чакасы менен Москвага эртең учам деген күнү кечинде телефондон эжесине дайындап жатып "эже, эртең мени аэропорттон тосуп ал, менин жүнүм көп" дептир, "жүгүм көп" дегендин ордуна".

"Менде да бир окуя эсиме түшүп кетти. Чоң-Алайга досумдукуна конокко барып калдык. Үйгө киргенде эле "Акин, конокторго чоң үйгө "тонкой" десе болобу! Көрсө, көрпөнү тон деп айтышат экен. Мааниси жакшы эле экен. Кийин дос баланы бир топко чейин шылдыңдап жүрдүм, "силер сексуальный сүйлөшөт экенсиңер" деп".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
adyl.xxxxx
2016-12-17 12:41:46
Айылдык Кундуз деле өзүнү куни деп тааныштырган))
-4
saltanat2015
2016-12-17 13:30:48
Мамиш деген дагы жаман соз экен
-1
gordaya
2016-12-17 13:54:01
озунор жазып жатасынар го
-1
Talantbek1994
2016-12-17 14:00:38
Тандап отуруп опасныйларын жазат турбайбы э. Абайлап жазыш керек экен
+1
Izdeim_seni.
2016-12-17 14:56:38
эми койгулачы,жазат десе эле жаза бербей. кантип эле тонкой дкп уйдогулор бири бирине айтсын. тон кой деп деле айтышпацт. казыр эле алайлык подружкемен сурасам,каткырып кулот,кайдагы эле созду таап алгансын деп. биз антип суйлошпойбуз деп.неинтересно
0
Aser80
2016-12-17 15:40:41
Izdeim_seni., Ал тон кой деген окуя болсо керек. Бир Чон-Алайлык абышка да уйуно эркек коноктор келсе " Келиним кел мына конокторго келип "тонкой" деп айткан дейт (тон кой- жер тошок кой, сал дегени, тон -жер тошок).Буга чычалаштын кереги жок. Болгону прикольно угулат экен да ушул.
+4
Sema87
2016-12-17 15:25:06
пойпондотуп койбойун деген создун мааниси кандай
0
admin_superstan
2016-12-17 15:46:31
Malik92, Baimur, fora, Jyrgal_msk, Revolyutsiya, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
anargazy
2016-12-17 20:04:41
Ашыкча апыртыпсынар Чоналайда тон кой деген соз жок урматтуулар ,ордок учуптур
+2
Kroxa
2016-12-19 16:48:27
Корпо сал,жертошок сал,,дейт го кой деп айтылбайт го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан