Бишкекте акын Турар Кожомбердиевдин 75 жылдыгына карата эскерүү кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда SUPER.KG порталына кеченин уюштуруучусу Нургүл Кожомбердиева билдирди.
"Улуттук филармонияда өткөрүлгөн акындын 75 жылдыгына карата эскерүү кечеси жогорку деңгээлде белгиленди. Анда студенттер Кожомбердиевдин ырларын көркөм окуп, чыгармаларын сахналаштырып көргөзүштү", - деп билдирди акындын кызы Нургүл Кожомбердиева.
Маалыматка ылайык, кечеге президенттик аппараттын өкүлдөрү, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, адабият сүйүүчүлөр, студенттер, чыгармачыл чөйрөдөн Амантай Кутманалиев, Бурулкан Карагулова, Дарика Жалгасынова, Анапия Раимбекова катышты. Турар Кожомбердиевдин чыгармаларын мыкты окуп, активдүү катышкандарга Бишкек шаардык мэриясынын атынан белектер тапшырылды.
Акындын айрым ырлары орус, украин, казак, беларусь, молдова, азербайжан, литва, латыш, өзбек, татар, хакас жана француз, англис тилдерине которулган.
Турар Кожомбердиев 1989-жылы 48 жашында дүйнө салган. Анын артында эки кызы калган.