Бүгүн Казакстанда Эгемендүүлүк майрамы белгиленүүдө

Казакстан бүгүн, 16-декабрда Эгемендүүлүк майрамын белгилеп жатат. Мындан 25 жыл мурун өлкөнүн суверендүүлүгү жөнүндө конституциялык мыйзам кабыл алынган. Андыктан бул өлкөдөгү башкы майрам болуп саналат.

Бул күнгө арналган иш-чарада президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын дүйнөлүк аренадагы ийгиликтерин белгилеп, бул жылдар аралыгында калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу мүмкүн болгонун айткан. Ошондой эле ал өкмөткө 2017-жылы 1-июлдан тарта пенсиянын жана баланын төрөлүшүнө байланыштуу бериле турган бир жолку жөлөк пулдун көлөмүн 20 пайызга көбөйтүүнү тапшырды. Андан соң өлкө эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган монументти ачты. Салтанат ЭКСПО көргөзмөсүнүн аймагында өтүп, анда сөз сүйлөгөн Назарбаев монумент келечек муундарга жана алдыда боло турган ЭКСПОнун конокторуна арналганын билдирген. Бул күнү өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон коомдук инсандарга, медицина, маданият кызматкерлерине, спорт чеберлерине сыйлыктар тапшырылды.

Ал эми майрамдык фейерверк Астана шаарында саат 22:00дө, Алматы шаарында 21:00дө аттырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azizbek.kg8
2016-12-17 04:07:35
Баурлар кутуктайм
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан