Талас. 16-ноябрда премьер-министр 2 күндүк иш сапары менен Таласка келет
Талас облустук
администрациясынын маалымат катчысы Мухамеджан Суранчиев 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин Талас облусуна атайын иш сапары менен
келиши күтүлүп жаткандыгын кабарлады. Бул өкмөт башчынын премьерлик кызматка келгенден
берки Талас облусуна болгон биринчи иш сапары болмокчу. Премьер-министр эки күндүк сапарынын алкагында райондорду кыдырып, жергиликтүү
жашоочулардын арыз-муңун угуп, ал-акыбалдары менен таанышмакчы.