Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал болушу мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Мындан улам ӨКМ катуу шамал учурунда жарандарды коопсуз жайларда болууга чакырат.