1990-жылы 18-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо боюнча эл аралык конвенцияны кабыл алган. Ал эми 2000-жылы 4-декабрда аталган уюм Эл аралык мигранттар майрамын негиздеп, аны жыл сайын 18-декабрда белгилөө жөнүндө токтом кабыл алган.
Бул күндү майрам катары белгилөө тууралуу чечим акыркы мезгилде бүткүл дүйнө жүзүндө мигранттардын саны өскөндүгүнө байланыштуу кабыл алынган. Аталган майрамда бир нече өлкөлөрдө жана өкмөттүк, өкмөттүк эмес уюмдарда адам укуктары жана мигранттардын негизги эркиндиктери жөнүндө маалыматтар берилип, ар кандай акциялар уюштурулат.
Адистердин айтымында, планетанын ар бир 35-жашоочусу өз өлкөсүнөн алыс жерде иштеген мигрант болуп эсептелет.
18-декабрга карата жылнаама.