Түркияда болгон терактта жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок

17-декабрда Түркиянын Кайсери шаарында орун алган терактта каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчилиги тактоо иштерин жүргүзүп, Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынан жана студенттеринен кабар алды. Элчилик студенттер менен ар дайым туруктуу байланышта экенин баса белгиледи.

Айта кетсек, аталган теракт кечээ, 17-декабрда эртең менен Кайсеридеги университеттин жанында болгон. Аскерлерди ташып бараткан автобус окуу жайдын жанына жеткенде токтоп турган автоунаа жарылган. Кырсыктан 13 адам каза болуп, 48 адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан