SUPER.KG порталына "Лариса Гузеева апасы жөнүндө. Таасирдүү экен" (ник: Zor_go) деген видео жүктөлдү.
Видеодо орусиялык актриса, белгилүү алып баруучу Лариса Гузеева телекөрсөтүүлөрдүн биринде жашоосундагы эң кымбат адамы - апасы жөнүндө айтып кирет.
"Ата-энесинен эрте ажырап, эки сиңдисин, мени жалгыз багып, эрезеге жеткирген менин эң кымбат адамым - апам. Ал адам бар мен эч нерседен кыйналган жокмун. Сиңдилерине, апама бир пальто, бир бут кийим болуп, кыйналып иштеген учурда да мени эч нерседен кем кылган жок. Ар бир жетишкен ийгилигим, балдарымды татыктуу тарбиялаганым - сиздин эмгегиңиз. Сизди чексиз жакшы көрөм", - деген Гузееванын сөздөрүнө залда отурган апасынын жүрөгү жылып, көзүнө жаш алат.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.