1863-жылы 19-декабрда англиялык ойлоп табуучу Фредерик Уолтон линолеумга патент алган. Бул ойлоп табуунун аталышы латын тилиндеги "linum" - "зыгыр" жана "oleum" - "май" деген сөздөрүнөн алынган.
Линолеум 1627-жылы иштелип чыккан майлуу кездемеден жасалгандыгы үчүн ушундай аталышты алып калган. 3 жылдан соң линолеум кеңири өндүрүлө баштап, дүйнө жүзүнө тез убакыттын ичинде тараган. Белгилей кетсек, Фредерик Уолтондун убагындагы линолеумду өндүрүү процесси ушул күнгө чейин көп деле өзгөрүүгө дуушар болгон эмес.
19-декабрга карата жылнаама.