Бишкектеги "Ош базарында" өлгөн малдын эти сатылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда маалымат жыйынында жарандык активисттер айтып чыгышты.
“Мага базарда иштеген адамдар өлгөн малдын эти сатылып жатат деп кайрылышты. Бул боюнча иликтөө жүргүздүк. Учурда мамлекеттик кызматкерлерден эч кандай аракеттер жасалбай жатат. Санитардык-эпидемиологиялык кызматы маалыматты чыгарбаш үчүн акча сунуштады”, - деп билдирди журналист Элнура Молдокадырова.
Маалыматка ылайык, сапатсыз эттердин сатылышы боюнча маселе буга чейин 2 жыл мурда көтөрүлгөн. Ал учурда базар убактылуу жабылган. Аталган базар 12 жылдан бери иштеп келет.
“Ош базарында" өлгөн малдын эттери сатылып жатат. Бизде жашыруун тартылган видеолор бар. Бул ишке чек койбогон Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылабыз. Ошондой эле Ички иштер министрлигинен иликтөө жүргүзүүнү суранабыз. Саламаттыкты сактоо министри калктын саламаттыгы үчүн аракет жасашы керек болчу. Биз президентке, премьер-министрге, депутаттарга кайрылабыз, өлгөн малдын этинин сатылышына чек коюлсун. Керек болсо кылмыш ишин козгош керек. Биз базардын таптакыр жабылышын каалайбыз”, - деп билдирди Cоциал-демократтар партиясынын жаштар канатынын лидери Ринат Самудинов.
Ал эми журналист Темирлан Сейитбеков өлгөн малды союп жатышканын көргөнүн айтты. Ошондой эле чөө, карышкыр жеп кеткен малдын эти сатылып жатканын кошумчалады.