Кара-Балта шаарынын "Азия 2" базарындагы кырдаал боюнча Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси кызматтан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, министрлик тарабынан “Азия 2” базарындагы кырдаал боюнча кызматтык иликтөө иш-чаралары жүргөн. Натыйжада кырдаалга байланыштуу ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрбөгөндүгү, кызматтык милдетин аткарбагандыгы, кырдаалды жөнгө салбагандыгы, өз убагында кырдаал боюнча маалымат бербегендиги боюнча Жайыл РИИБинин жетекчиси Мырзаканов кызматынан бошотулду. Ошондой эле базардагы кырдаалга тиешелүү көзөмөл кылбагандыгы үчүн Чүй ОИИББинин жетекчиси Канат Жумагазиевге катуу сөгүш берилди.
Айта кетсек, 13-декабрь күнү Жайыл РИИБине Кара-Балта шаарындагы "Азия 2" базарында иштеген соодагерлер кайрылышкан. Анда алар базардын директору З.Сегизбаева шайлоо укугуна тоскоолдук кылганын айтышкан. З.Сегизбаева аталган базарда иштеген ар бир соодагерге 10дон адам таап, "Жаңы шаар" партиясына добуш берүү талабын койгон. Эгер бул талап аткарылбаса, ижара акысын көтөрүп, айрымдарынын соода орундарын алып коёрун эскерткен.
Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.