Пекинде тургундарга коомдук унаалардан баш тартып, аз убакытта ижарага унаа алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Пекинде такси кызматынан, коомдук унаадан баш тартып, автоунааны оңой ижарага алуу мүмкүн болуп калды. Бул тууралуу кытайлык басылмалар кабарлайт.

Маалыматка ылайык, мобилдик тиркеменин жардамы менен Smart Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааларды атайын унаа токтоткон жайлардан таап, аны айдап кете беришсе болот. Документ толтуруу, каттоо иштери аткарылбайт. Болгону айдоочулук күбөлүк жана смартфондо 1,5 миң юань (15 миң сом) депозит суммасы болушу шарт.

Унааларды ижарага эртең мененки саат 7ден кечки саат 21:00гө чейин алуу мүмкүн. 1 чакырым үчүн 2 юанга жакын (20 сом) акы төлөнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ali-han
2016-12-19 14:01:34
Сонун го
+2
ainura220888
2016-12-20 02:22:46
Кымбат экен бизде 20сом менен бишкектин бир башынан экинчи башына барып келетго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан