Бишкек-Ош жолунда узундугу 40 чакырымдан ашуун жол тыгыны орун алууда

Бишкек-Ош жолунда 40 чакырымдан ашуун жол тыгыны орун алууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облусунун Патрулдук милициясынан бүгүн, 19-декабрда кабарлашты.

"Бишкек-Ош жолунун Ала-Бел ашуусунун 222-265-чакырымдарында жол тыгыны орун алды. Патрулдук кызматкерлер абалды жөнгө салууга аракет кылышууда. Тыгын унаалардын дөңгөлөктөрү тоңголок жолго ылайыкташпаганынан улам жаралды", - деди ага лейтенант Замир Иманбеков.

Патрулдук кызмат жол кырсыктарынын алдын алуу максатында айдоочуларды этият болууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond
2016-12-19 15:28:45
Жол тазаланбаптыр
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан