Депутат "Windows" менен "Apple" кыргыз тамгалары бар клавиатура чыгарбай жатканына нааразы

Депутат Садык Шер-Нияз "Windows" менен "Apple" компаниялары кыргыз тилиндеги клавиатура чыгарбай жатканы үчүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияны айыптады. Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы талкууланууда.

Анын айтымында, аталган комиссия кыргыз тамгалары бар клавиатураларды чыгаруу суранычы менен "Windows" жана "Apple" компанияларына кат жөнөтсө болмок. "Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кубандыра турган ишин көрбөдүм. Бишкекте 2-3 мектепте эле сабактар толук кыргыз тилинде өтөт. Билим берүү министрлиги ар түрдүү шылтоолорду айтып, республикада жалпысынан канча окуучу кыргыз тилинде окуп жатканын билбестигин билдирүүдө. Албетте, прогресс менен чогуу англис, орус тилдерин да билүү керек, бирок кыргыз жараны эне тилин билиши зарыл", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Bolotbek7404
2016-12-19 14:59:47
Өзбек, тажик мектептерин да кыргызчага өткөрүү керек
+18
mr.beka
2016-12-19 15:05:32
Эн туура айтыптыр депутат красавчик
+13
ZHYRGAl1412
2016-12-19 15:06:32
Молодец
+10
ZANIA-92
2016-12-19 15:06:47
+++ эн туура маселе. Бишкекте кыргызча билбеген киргиздер бар экен
+11
vabank
2016-12-19 16:05:14
ZANIA-92, антип акча кетирип олтурбай эле ар бир адам өзү кыргыз тамгаларын орнотуп алса болот. бул ар бир компьютерде бар. Жөндөөдөн (настройка) карап орнотуу керек. Ал нерсе ар бир адамдын өзүндө. Бирөөнү күнөөлөгөндүн кереги жок. Мына мен кыргызча эле жазып жатам, эл колдонгон клавиатура менен эле.
+2
Nurdaulet
2016-12-19 15:12:25
Кыргызча билбеген киргиздер куйгузот да!тил маселесин которуш керек эгер патриотпуз дешсе бирок депутаттар озулору ХХХ жарымы кыргыз жарымы орусча суйлоп атышпайбы башкасын айтпай Эле коелу
+12
admin_portal
2016-12-19 15:21:13
Nurdaulet, этика нормаларын сактаңыз!
-6
ularik_kg
2016-12-19 15:52:40
Windows менен Apple ге жоноткон чагында дагын киргизбейт.
+3
vabank
2016-12-19 16:06:16
ularik_kg, эң туура. Кат жазып олтурганча ошол адам өзү кыргызча тилди клавиатурага орнотуп алса болот.
+2
Targarien
2016-12-20 05:17:12
ularik_kg, Биз аларга кат жолдоп талап койсок киргизет Мисалы Манасты кыргыз элинин эпосу деп таанышты Сулайман тоону ЮНЕСКОнун дуйнолук мурастар тизмесине кабыл алды Садык Шерниязга окшогон мекенчил адамдарды колдош керек Аракет кылса берекет болот
0
vabank
2016-12-19 16:02:51
антип акча кетирип олтурбай эле ар бир адам өзү кыргыз тамгаларын орнотуп алса болот. бул ар бир компьютерде бар. Жөндөөдөн (настройка) карап орнотуу керек.
+1
barsa30
2016-12-19 17:00:08
автоматский кыргызча кылып койсо деле жаман эмес башка жактан приложения тартып отурбай .мендагы колдойм депутатты!
+2
Gena1
2016-12-19 18:58:50
Негизи, кат жибергенден жарытарлык деле акча кетпейт. Тагыраагы почта кызматына гана акча алат. Жазылган катты дуйнолук эрежеге ылайык карап чыгып, шартка жараша кыргыз тилдуу колдонуучуларын эске алып, иштеп чыгышы мумкун. Настройкадан кыргызча кылып, анан жазуу бул арга жоктун жумушу. Ошол дуйного белгилуу компаниялардын иштеп чыккан буюмдарында дагы кыргыз тили деп турса жаманбы?
+3
Revolyutsiya
2016-12-19 22:38:40
Атамбаев болгондо куноону баягы эле Бакиевден издемек...
+3
Targarien
2016-12-20 05:10:55
Айфондун клавиатурасында кыргыз алфавити жок
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан