Бишкекте баш аламан соода кылгандарга рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Рейддин алкагында мыйзамсыз дары саткандар, лицензиясы жок иштегендер жана баш аламан соода кылган жайлар текшерүүгө алынды. Бүгүнкү күнгө чейин борбор калаада баш аламан соода жүргүзүлүп жаткан 540 соода жайы жоюлду. Иш-чаранын алкагында соодагерлерге жана жол боюнда соода кылгандарга өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө "Ош базарынын" аймагынан лицензиясы жок иштеп жаткан дары сакталуучу 3 кампа табылган.