Кыргыз жергесинде биринчи балдар хосписи ачылды

Бүгүн, 19-декабрда Кыргыз жергесинде биринчи балдар хосписинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

“Жардам берүү оңой” коомдук фондунун жана Кыргыз Республикасында алгачкы балдар хосписинин негиздөөчүсү Динара Аляева мурдатан шаардык муниципалитетке балдар хосписин уюштуруу үчүн имарат бөлүү өтүнүчү менен кайрылган. Бишкек шаарынын мэриясы кайрылууну карап, 2016-жылдын 29-ноябрында Жаш Гвардия бульвары, №71 “А” дарегинде жайгашкан имараттан бөлмөлөрдү бөлүштүрүп берген.

"Мурда ал имаратта шаардык №2-балдар кургак учук ооруканасы жайгашкан. Стационардык дарыланууга муктаж болгон кургак учук менен ооруган балдардын саны азайгандыгына байланыштуу жана Бишкек шаарында кургак учукка каршы күрөшүү кызматын оптималдаштыруу максатында аталган оорукана жоюлган. Эми имаратта алгачкы балдар хосписи жайгаштырылат жана келечекте республикалык паллиативдик жардам көрсөтүү борбору катары трансформацияланат. Ал эми имараттын башка бөлүгүнө медициналык тез жардам кызматынын дагы бир көмөкчү чордонун жайгаштыруу белгиленүүдө, ал шаардын түндүк-батышынын тургундарын тейлемекчи", - деп айтылат маалыматта.

Хоспис 10 балага ылайыкташтырылды жана жалпы аянты 500 чарчы метрди түзүп, ашкана, процедуралык жана окуу бөлмөлөрү менен жабдылган. Биринчи балдар хосписин оңдоо иштерине 3 миллион сом коротулду, анын ичинен 1,7 миллионун Алмазбек Атамбаев жана 1,3 миллион сому мэрия тарабынан бөлүнгөнү айтылат маалыматта.

Хоспис - коммерциялык эмес социалдык уюм болуп, оор илдетке кабылган адамдарды кароочу медициналык мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Shirin_N88
2016-12-19 18:01:12
Хоспис бул .....жай беле ,Аллахым эч бир балага оору бербесин .Алтындай болгон балдар эч качан оорубасынчы
0
Revolyutsiya
2016-12-19 18:27:32
Ачканга жараша 40-50 балага ылайыктап ачпаптыр да эч болбосо. 10 баланын артынан 20 кызматкерге маяна толоо нерационально. Бул ортодогу акчаны жео аракетинин бири сыяктуу го.
+2
-FREEDOM-
2016-12-19 20:59:04
Хоспис дегенди мен бир жерден башкача окудум эле. Мага кенири тушундуруп бергилечи сураныч.
0
yakutiya-Mirnyi
2016-12-19 21:20:23
-FREEDOM-,Хоспис это типо больницы,только там лежат уже неизлечимо больные,которым жить осталось несколько дней.в европах очень много хосписов,у нас это первый детский,по моему ещё один есть насколько я знаю,но там взрослые
-1
yakutiya-Mirnyi
2016-12-19 21:21:12
т.есть проводят последние дни жизни
0
ainura220888
2016-12-20 02:11:49
Уч милионго он жакшы кровать алып койбойбу ар ким чыгарып койгон совет учурундагы кроватарды коюп койбой. Кухнясынан башкасы баары эскилер эле экен. Кухня деле максимум 30,000сом турат. 500км шыбап полун потологун жылуулаганда деле 1500000максимум кетмек.
+1
ainura220888
2016-12-20 02:14:51
Хосписте иштеген оор болсо керек бир жагынан. Коз алдында кичинекей бала жан берет сактап калайын дейсин колунан эч нерсе келбейт((( менимче уйдо бир тууган ата эне бала чаканын алдында жан берген жакшы болсо керек.
+1
-FREEDOM-
2016-12-20 19:22:09
Кудай сактасын тообо кылдым. Балдар оорубасынчы эч качан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан