Бүгүн, 20-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Дүйнө коомчулугу Орусиянын Түркиядагы элчисинин күтүүсүз өлүмүн талкуулоодо. Кечээ Түркиянын борбору Анкара шаарында сүрөт көргөзмөсүнө катышып жаткан орусиялык элчи Андрей Карловго куралчан адам ок атып, дипломат окуя болгон жерден каза тапты. Элчини атып өлтүргөн адам Түркия полициясынын 22 жаштагы Мевлют Мерт Алтынташ аттуу кызматкери экени айтылды. Кылмышкерди тирүү кармоого мүмкүн болгон жок, полиция кызматкерлери аны ошол жерден атып салышты.
Түркия дагы, Орусия дагы бул иштин артында Сирияда терроризмге каршы күрөштү улантууга каршылар, орус-түрк мамилесинин жакшырышын каалабагандар турат деген пикирде. Окуядан көп өтпөй Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган президент Владимир Путинге телефон чалып, өлкө лидерлери кырдаалды талкуулашкан. Элчини аткан адам аткаруучу экени, мунун артында башка күчтөр турганы айтылып жатат. Кылмыштын авторлору 2015-жылкы учак окуясынан кийин сууп, акыркы убакта жакшыра баштаган Орусия-Түркия мамилесин бузуп Түркияны жаманатты кылууну көздөгөн болушу да мүмкүн. Ок аткан адамдын Сирия жөнүндө айтып кыйкырганына караганда, бул окуянын артында Орусиянын Сирия боюнча карманган позициясын, акыркы аракеттерин жектегендер турушу ыктымал деген ойду жаратат. Белгилүү болгондой, Орусия Сириянын Алеппо шаарын "Ислам мамлекети" тобунун өкүлдөрүнөн тазалоо операциясын активдүү жүргүзүүдө. Бирок аталган шаарда бейкүнөө жергиликтүү жашоочулардын өмүрү кыйылып жатканын айтып Орусияны сындагандар да бар. 2015-жылдын ноябрь айында Түркия-Сирия чек ара аймагында орусиялык Су-24 учагын Түркиянын аскерлери атып түшүргөн. Бул окуядан кийин Орусия түрк тарапка санкцияларды киргизип, Түркиянын расмий бийлигинен кечирим суроону талап кылган. Башында Орусиянын учагы Түркиянын аба мейкиндигин бузганын айтып, кечирим суроодон баш тартып келген Түркия жетекчилиги акырында Орусияга биринчи кол сунду. Демек, Орусия менен мамиленин кайра начарлашына кызыкдар эмес. 2016-жылы Түркияда бир топ ири теракттар катталып, көп адамдардын өмүрү кыйылды. Орусия менен мамиленин жакшырышы аталган террордук топко ашыкча түйшүк жаратат. Анткени Сириянын расмий бийлигине Орусия көрсөтүп жаткан аскердик колдоо күчөшү мүмкүн.
Сириядагы абалдын таасири маал-маалы менен Кыргыз Республикасында дагы көрүнүүдө. Чет өлкөдө терроризмге шектелип кармалгандардын айрымдары кыргыз өлкөсүнүн жараны болуп чыгууда. Сирияга барууга камданып жатканы же аталган өлкөдөн келгени айтылып жарандар тузакка илинүүдө. Быйыл августта Бишкекте Кытай элчилигинин жанында жардыруу болгон. Кытай элчилигинин батыш тарабындагы дарбазаны Мицубиси Делика унаасы катуу ылдамдыкта келип сүзүп, жарылган. Жарылган унаанын айдоочусу каза таап, эки күзөт кызматкери жабыркаган. Ошол эле учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жардырууга буйрутма бергендер Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүргөн “Жабхат ан Нусра” жана “Жамаат ат-Таухид валь-Жихад” тобунун мүчөлөрү экенин билдирген. Жардырууну уюштуруу үчүн каржы маселесин көзөмөлдөгөн деп 1987-жылы Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн тургун шектелип, октябрь айында УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган эле. Ал эми жакында Жалал-Абад облусунда Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келген адам 13 жылга эркинен ажыратылды. Айрым мекендештерибиз Сириядан каза таап жатышат. Айтор, Орусиянын элчисинин өлүмү Орусия менен Түркиянын эле көйгөйү эмес. Эртең күтүүсүздөн биздин өлкөгө деле кирип келиши мүмкүн болгон коркунуч...
Кыргыз Республикасында бакалавр даражасы бар адистер мамлекеттик кызматка алынбай жатат. Маалыматты Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди. Мамлекеттик кызматка толук жогорку билимге ээ кадрлар гана дайындалышы керектигин айтып, бакалаврга ээ болгондорго мамлекеттик органдар эшигин жаап жатыптыр. Тарыхка көз жүгүртсөк, 2012-жылы Кыргыз Республикасы 48 мамлекет мүчө болгон Болондук процесске кирип, жогорку окуу жайлары эки тепкичтүү (бакалавр+магистратура) билим берүү системине өткөн. Ага ылайык, биринчи баскычта студент 3-4 жыл окуп, жалпы жогорку билим жөнүндө диплом жана бакалавр илимий даражасын алат. Андан соң эгер студент кааласа, 1-2 жылга окуусун улантып магистр даражасын алса болот. Өлкөдө бул системди орнотууга убагында Европа комиссиясы 15 миллион евро бөлүп бергени маалым. Мурда-кийин мындай тажрыйба колдонбогондуктан, адегенде Болондук процесске кирүү демилгеси коомчулукта сынга кабылган. “Болондук системди киргизүү - студенттердин үстүнөн эксперимент жүргүзүү” деп жактырбагандар болгон. Ал эми өкмөт бул систем студенттерге Европадагы университеттердин эшиктерин ачарын билдиргени маалым. 4 жыл мурун киргизилген систем алгачкы жыйынтыгын бере баштады. Бакалавр даражасына ээ болгондордун алгачкы мууну минтип ишке орношууда тоскоолдукка туш келишти. “Айрым мамлекеттик мекемелер бакалавр даражасын жогорку билим эмес деп жатышат”, - дейт Өмүркулов. Билим берүү жана илим министрлиги бакалавр даражасындагы дипломдор боюнча тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек деген пикирде. Демек, адаттагыдай окуя. Долбоордун алдын ала иликтенип, анын кесепеттери менен жакшы жактары күн мурунтан аныкталышы керек. Качан терс жактары көрүнө баштаганда гана кыймылга келүү өкмөт үчүн кадимки көрүнүшкө айланып баратат. Мисалы, өлкөгө кирген чет элдиктерди 5 күн ичинде каттоого турууга милдеттендирген мыйзамды айтсак болот...
Белгилүү "кримавторитет" Камчы Көлбаевдин бир тууган иниси Жолдошбек Көлбаев Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу Улуттук дзюдо федерациясынын президенти болуп шайланды. Федерацияны буга чейин жетектеп келген Ырысбек Мааткабылов кызмат ордун бошотуп, жетекчиликке жалгыз талапкер Жолдошбек Көлбаев федерация мүчөлөрү тарабынан бир добуштан шайланды. Спортчуларды адатта саясатчылар жана кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү пайдаланышат. Шайлоолордо жетиштүү добуш алуу үчүн саясатчылар спортчу жигиттердин күчүн колдонору айтылып эле жүрөт. Кримчөйрөнүн өкүлдөрү да таасирин күчөтүү же керектүү маселелерди чечүү үчүн мыкты спортчуларды өз айланасына топтоого кызыкдар. Убагында маркум Баяман Эркинбаев Улуттук Олимпиада комитетинин президенти болсо, Алмамбет Анапияев "Алыш" күрөшү боюнча эл аралык федерацияны башкарган. Эркинбаев Бакиевдин тушунда өлтүрүлсө, Анапияев 2015-жылы киши колдуу болуп каза тапты. Убагында "адам уурдоо", "мыйзамсыз курал-жарак сактоо жана аны алып жүрүү" сыяктуу оор кылмыш беренелери боюнча айыпталып соттолгон "кримавторитеттин" бир тууганынын мамлекеттик органды жетектеп калышы суроо жаратат. Спортко мындай мамиле улана берсе, криминалы ким, спортчусу ким экенин айырмалай албай калган чекке жетип калуу бат эле. Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков, "Бир бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов өңдүү саясатчылардын спорт клубдары бар экени коомчулукта кеңири айтылып жүрөт. "Кримавторитеттер" каржылаган спорттук клубдар дагы бар. Аралашып кетсе ажыратуу, мүмкүн, кыйын болот. Кримчөйрө менен бийлик аралашып кеткенде кандай болорун кыргыз эли Бакиевдин бийлигинин тушунда көргөн. 2006-жылы "кримавторитет" Рысбек Акматбаев өзүн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттабай койгон БШКнын чечимине нааразычылык иретинде Ак үйдүн алдына ири митинг уюштурган. Ошондо президент Курманбек Бакиев митингчилердин алдына өзү чыгып, сүйлөшүү жүргүзүүгө аргасыз болгон. 2010-жылы бийликке келгендер өлкөнү кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрүнөн тазалоо убадасын айтышкан. Акыркы окуялар 2010-жылга чейинки кырдаалга жакындап бараткандай таасир калтырат...