Кыргыз Республикасына онкологиялык ооруларды дарылоодо колдонулчу "Бабатрон" аппараты белекке берилет

Кыргыз Республикасына Индия өлкөсү онкологиялык ооруларды дарылоодо колдонулчу "Бабатрон" нур аппаратын белекке берет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Хайдар-Абад сарайында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолукканда тартуулана турган белек үчүн ыраазычылык билдирип, каалоо-тилегин айткан.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 18-декабрда расмий иш сапары менен Индия Республикасына кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mekush87
2016-12-21 12:36:50
Бул аппарат жанагы женский жактан жабыркаган аялдарды дарылоочу аппаратпы?Ошону жок деп жатышпады беле.Абдан жакшы болуптур,эми чет олкого барбай эле дарыланышса болот экен да.
0
kani-esen
2016-12-21 16:43:18
Ал эмес. Бойрок ооруларын караган апарат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан