Ош шаардык жылуулук ишканасы: "Жашоочулар жылуулукка берилген сууну пайдаланып жатышат"

Ош шаарында жашоочулар жылуулук берилүүчү суу түтүгүнөн суу алып жатышканын бүгүн, 20-декабрда SUPER.KG порталына Ош шаардык жылуулук менен камсыздоо муниципалдык ишканасынын директору Беделбай Кадырбердиев билдирди.

"Суунун 1 кубун "Ош шаардык суу-канал" муниципалдык ишканасынан 10 сом 14 тыйындан сатып алабыз. Жашоочулар жылуулук менен берилген суудан күнүмдүк тиричиликтерине колдонуп жатышат. Мындан улам биз бир күндө 40 тоннадан ашык суу жоготуп жатабыз. Кулатов шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары жылуулук түтүктөрүнө кошумча түтүк улап алышкан. 268 көп кабаттуу үйдүн 50 пайыз жашоочулары сууну мыйзамсыз пайдаланып келишет", - деп билдирди Кадырбердиев.

Беделбай Кадырбердиевдин маалыматына ылайык, жоготууга учураган сууну калыбына келтирүүдө электр энергияга жана отунга кеткен чыгым эки эсе көбөйгөн. Мындан улам аталган кызмат рейд жүргүзгөн. Жыйынтыгында 247 кошумча уланган түтүк кыркылган. Жылуулук ишканасы жашоочулардын мындай аракети үчүн 20 миң сомдон жогору айып салынарын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
A3A
2016-12-20 19:13:31
Ошол уйдун паровойун алып салгыла!
Жашай беришсин анан.
+1
A3A
2016-12-20 20:28:34
Краникти ачып кок чайдан дамдааап мазза кылып ичип отyрса керек да)))
+5
Uson13
2016-12-20 20:34:16
Адамдарга жакшылык жакпайт өзү жылуулук бербей койсо бербеди деп ыйлактап чыгышат
+3
ularik_kg
2016-12-21 01:44:48
Uson13, эн туура соз болду
0
Rifle_I
2016-12-21 21:14:15
Бул өтө жаман адамдын иши да. Бийликте да ушундай кошумча түтүк колдонгондор отурат да. Бюджетте тешиктер толтура, жоготуулар да ошончо чоң.
0
Kroxa
2016-12-20 20:51:07
А бизде Караколдо деле колдонобуз бирок киши башына 350 сом ысык суу учун толойбуз,,
0
saltanat2015
2016-12-20 22:51:57
Менин уйундо бар бирок воздух чыгарабыз суусун колдонбойбуз дат баскан суу чыгатко
0
Bars111
2016-12-20 23:15:31
Мен 5-кабатта(эң акыркы)жашайм. Аба чыгарып турасыңар деп өздөрү ошондой краник коюп кетишкен. Эми келип алып башка койгула дейт. Ал жерден чыккан суунун түсүн көрсөң заңдаган суу чыгат. Аны эч ким иштетишпейт.
+2
Saribulak
2016-12-21 08:07:32
Жыргаганынан алып иштетип жатат дейсинерби? Ысык суу чыкпаса кир пир жууганга алып атышатда
+2
kamchatka
2016-12-21 08:19:58
Актанбагылачы жылуулук беруучулор ал тутуктон чыкан суунар биринчиден сасык экинчиден дат баскан суу чыгат аны эч ким колдонбойт!ачыгын эле айткылачы тутуктор эскирген ошон учун ысыбайт деп!
+1
KyrgyzKagan
2016-12-21 09:19:39
Бул жерде жылуулук беруучу ишкана озунун коррупциялык иш аракетин дагыда болсо элдин эсебинен жабып салайын же элге оодармайга отуптур. Биринчиден 1куб суу 10сом болсо, 40тоннасы 40куб 400сом болот айына 12000сом жоготуу болот экен. Мындай жоготуу килейген ишкана учун чон жоготуу эмес. Ал ишкананын жетекчисинин обедине эле ошол акча кетип калат. Андан коро труба жарылып 1-2кун ыссык суу аккан жерлеринерди жамасанар мындан азыраак жоготуу болмок. Эл эми аны сонуркап же жыргаганынан пайдаланбайт.
+1
suranam
2016-12-21 11:31:30
KyrgyzKagan,+++++++++++
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан