Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун бейитине күмбөз курулат. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, күмбөздү курууга эки макет сунушталды. Алардын бири Аль-Бухара мунарасынын мемориалдык комплексине окшош. Экинчиси түркмөн башчысы Сапармурат Ниязовдун мавзолейиндей. Архитекторлор Өзбекстандын Дин башкармалыгы менен биргеликте үчүнчү вариантты иштеп чыгуу чечимин кабыл алышкан.
Соңку убактарда жогорку кызматтагы көптөгөн чиновниктер Самаркандга келип, Ислам Каримовду эскеришүүдө. Күмбөздү куруу үчүн мамлекеттик бюджеттен канча каражат бөлүнөрү азырынча белгисиз. Мындан тышкары Самарканд жана Ташкент шаарларына Ислам Каримовго айкел орнотулат.