Бүгүн, 21-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кыргыз Республикасынын карызы жакын арада 4,5 миллиард долларга жетиши мүмкүн. Каржы министри Адылбек Касымалиев өкмөт дагы коркпой 500 миллион доллар карыз алса болорун айтты. Өкмөттүн демилгеси менен 2016-жылы "карыздын суммасы ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашпашы керек" деген чек алынып салынган эле. Анын ордуна мамлекеттик тышкы карыздын деңгээлин баалоо боюнча 3 параметр түзүлгөн. Бүгүнкү күндө 3 параметрде тең чектен ашуу жоктугун, андыктан карызды дагы көбөйтүүгө мүмкүн экенин айтат министр.
Карызга алынган акчалар канчалык эффективдүү колдонулуп жатканынан эл жетиштүү кабардар эмес. Карыздын эсебинен кайсы долбоорлор ишке ашырылганын, алар канча убакытта жумшалган каражатты актай турганын элге атайын түшүндүрүп берчүлөр жок. Элге чиновниктердин аттары аралашкан тендер жаңжалдары, ири сумма жумшалып чала жасалып ара жолдо калган иштер гана жакшы тааныш. Акыркы жылдары алынган карыздардын бир бөлүгү жол курууга жумшалып жатканы белгилүү. Алардын көрүнүктүүсү - Түндүк-Түштүк альтернативдүү трассасы. Жолдун 1-фазасын курууга Кытайдан 400 миллион доллар карыз алынган. Азыркы учурда долбоорго өзгөртүү киргизилип жатат, аны менен жол курууга кетчү чыгым көбөйтүлөт. Тагыраагы, алдын ала каралбаган иштерге 56 миллион доллар жумшалганы жатат. Маалыматты SUPER.KG порталына Транспорт жана жол министрлигинен тастыкташты. Башында Көк-Арт ашуусуна салынчу тоннелдин узундугу 3700 метр деп пландалса, эми узартылып, 3815 метр болгону жатыптыр. Мындан тышкары кар көчкү түшүү коркунучу бар тилкелерге атайын өтмөктөрдү куруу планга киргизилип, тоннелдин ичине алгачкы пландагыдан башка, кубаттуу кабелдер тартыларын айтты министрлик өкүлү. Чыгым ушундай жаңы жагдайлардан улам көбөйтүлгөнү жатат. Альтернативдүү трассанын баштапкы баасы 850 миллион доллар эле. Буга чейин парламент депутаттары ар бир фазага кошумча 56 миллион доллардан каралса (жол 3 фаза менен курулат), долбоордун жалпы наркы 1 миллиард долларга жетип каларын айтып сындашкан эле. 1 миллиард доллар - азыркы маалда мамлекеттик карыздын төрттөн бири. 56 миллион максаттуу коротулабы же ушундай шылтоо менен кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кирип кетеби?
Расмий маалыматтар боюнча, 2016-жылдын 11 айында мамлекеттик карызды төлөөгө 19 миллиард 467 миллион 19 миң сом жумшалды. Бул дээрлик кыргызстандыктардан жарым жылда чогулган салыктын суммасына барабар. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын 6 айында Мамлекеттик салык кызматы жалпы 23 миллиард 713 миллион 200 миң сом салык топтогон. Ошентип, өкмөт "коркпой" алып жаткан карыздарды төлөөгө республиканын ар бир салык төлөөчүсү үлүшүн кошууда. Карыз акчага жасалган жолдордун жана мектептердин бир жылга жетпей кайра бузулуп жатканы канча. Аларга айыпталып кайсы бир чиновниктин же иш аткаруучунун жоопко тартылганын эч ким көрө элек. Мамлекеттик карыз кийинки муундун баш оорусуна айланары анык. Бүгүнкү күндө бөлө келгенде ар бир кыргызстандыктын моюнунда 687 доллар карызы бар. Дагы 500 миллион карыз алынса, бул сумма кыйла өсөт...
Өлкөнү электр энергиясы менен камсыздаган Токтогул ГЭСинде авария болду. Эксперт Расул Умбеталиев ГЭСтин 2-агрегатынын 2-трансформаторунун 500 киловаттык жогорку чыңалуудагы кабели жабыркап, 2-гидротурбина токтотулганын айтып чыкты. Ушул себептен 6 күндөн бери саатына 43,2 миллион киловатт электр энергиясы аз өндүрүлүп, бул ишти "Электр станциялары" ишканасы коомчулуктан жашырып жатканын айтат. Маалымат ММКларга тарап кеткенден кийин "Электр станциялары" авария катталганын тастыктоого аргасыз болду. Азыркы тапта ГЭСте эксперттик комиссия жана адистер иштеп жатышат. Өлкөдө ГЭСтердин абалы жакшы эмес. 2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 3 жолу ири авария болду, булар элге маалымдалганы гана. Жаап-жашырылган башка авариялар орун алган болушу да мүмкүн. Токтогул ГЭСи - стратегиялык ишкана, өлкөнүн энергетикалык муктаждыгын негизинен ушул ГЭС камсыздайт. Көрүнүп тургандай, андагы авариялар системдүү мүнөзгө өттү. 2010-жылкы революциядан кийин бийликке келгендер "жасайбыз" деген негизги иштердин бири энергетикалык кризисти, бул тармактагы коррупцияны жоюу болчу. Тармактын абалы Акаев-Бакиев доорунда кандай болсо, дагы эле ошондой бойдон калууда. Бир нече өкмөт, энергетика министрлери алмашканы менен, 6 жыл ичинде мамлекет энергетикалык реформа жасай алган жок. Тескерисинче, мүчүлүштүктөрдү элдин эсебинен жоюу чакырыктары айтылып келет. Чиновниктер жабдуулар эскиргенин, аларды жаңылоо үчүн электр энергиясынын тарифтерин көтөрүүнү сунуштап жүрүшөт. 2017-жылы тарифтер кайра өзгөрүлөрү айтылууда. 6 жылдан бери бул тармактагы уурдоолор, коррупция жоюлбай эле, тапкан чечимдери элге электр энергиясынын баасын кымбаттатуу, маал-маалы менен жарыкты өчүрүү өңдүү өзгөчө акылды талап кылбаган иштер болду. Жылыш болбогону менен, энергетика кирешелүү, өлкөдө абдан коррупциялашкан тармак экени жашыруун эмес. Бакиевдин тушундагы айтылуу Ширшовдун схемасы дагы эле жоюлбай жатканын чиновниктер өздөрү моюнга алып жатышат. Энергетиканы талкалап жаткандарды аныктап, жоопко тарттыруу үчүн атайын комиссия түзүү сунушу айтылып жүрөт, бирок өкмөттөн сунушка реакция жасала элек. Тоскоолдуктарды коррупциядан, уурулуктан издөөгө караганда баарын эскирген техникаларга шылтоо алда канча оңой эмеспи. 2015-жылы "Датка-Кемин" линиясы ишке киргизилгенде "Кыргыз Республикасы энергетикалык көз карандысыздыкка жетти" деген сөздөр айтылган. Токтогул ГЭСиндеги абал мамлекет энергетикалык коопсуздукка жете электигин көрсөтүп турат. Жайында той-мааракеге, күзүндө референдумга коротулган миллиондор ГЭСтерди жаңылоого жумшалса, балким, бүгүнкүдөй коркунуч жаралбайт эле...