Токтогул ГЭСинде үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында ири авария болгонун отун-энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев бүгүн, 21-декабрда билдирди.
Анын айтымында, ГЭСтин №2-гидроагрегатынын 2-трансформаторунун май толтурулган 500 кВттык жогорку басымдагы кабели зыянга учураган. Анын айынан 2-гидротурбина токтотулуп, 6 суткадан бери саатына 43 миллион 200 миң киловатт көлөмдөгү электр энергиясы өндүрүлбөй жатат.
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жетекчилиги бул ири авария фактысын жашырып жатат. Аткаминерлер орусиялык кабелдик заводдун адистерин жашыруун түрдө чакыртышкан. Алар учурда авария болгон жерде. Өлкөбүздүн энергетикалык жана улуттук коопсуздугу менен түздөн-түз байланышкан окуя тууралуу маалыматтын жайылбашына аткаминерлер болгон күчүн жумшап жатышат. Мындай авариялар акыркы 10 жылда Энергетиктер күнү же Жаңы жыл алдында болууда. Андыктан тиешелүү кызматтар бул фактыны бүлүндүрүү аракетине байланыштыруу менен кылдат изилдеп чыгышы керек", - дейт эксперт.
2015-жылы 23-декабрда ушул эле гидроагрегат аварияга учураган, үстүбүздөгү жылдын 14-январында оңдолуп, ишке кирген. 28-декабрда №3-гидроагрегаттын трансформаторунун кабели бузулуп, орусиялык адистердин жардамы менен гана жазында ишке кирген.
Ошол кездеги өкмөт №2-гидроагрегатындагы авария жабдуулардын эскиришинен келип чыкканын айткан. Авария боюнча түзүлгөн комиссия, Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын өкүлдөрү да ушундай эле жыйынтык чыгарышкан.
Эксперттин ою боюнча, бул аварияга адамдык фактордун да тиешеси бар жана аны аныктоо үчүн атайын комиссия түзүү керек.