Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушунун 1-фазасына кошумча дагы 56 миллион 268 миң 44 доллар каражат бөлүнмөкчү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында айтылган. Эскерте кетсек, Жалал-Абад жана Балыкчы шаарларын туташтыруучу курулуп жаткан альтернативдүү жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт, курулушуна 850 миллион доллар жумшалмак.
Баштапкы айтылган каражатка кошумча каражат куруу иштериндеги өзгөртүүлөргө жана жолдун алгачкы долбоорунда каралбаган жагдайларга байланыштуу экенин Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушунун 1-фазасынын техникалык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Кубанычбек Ормонов SUPER.KG порталына бүгүн, 21-декабрда билдирди.
Анын айтымында, жолдун курулушу менен чогуу деталдуу долбоор дагы башталган. Дал ушул долбоордун эсеби менен жолдун курулушунун 1-фазасына гана 56 миллион 268 миң 44 доллар кошумча каражат керектелет.
"Техникалык-экономикалык негиздеме боюнча так эмес, болжолдуу эсептөөлөр жүргүзүлөт. Ал эми деталдык долбоор курулуш менен бирге жүргүзүлүп, ага кетчү каражат так эсептелет. Деталдуу долбоор менен алгачкы техникалык-экономикалык негиздеме боюнча эсептер дал келбей калышы мүмкүн. Кээ бир жеринен үнөмдөлсө, кээ бир жеринен кошумча каражат талап кылынат. Мындай ири курулуштарда кошумча каражаттын керектелиши кадимки көрүнүш. Алгачкы түзүлгөн долбоордо каралбай калган жагдайлар иштелип чыккан соң, эсептөөлөр жүргүзүлүп, так сумма айтылат", - дейт жетекчи.
Учурда жолдун эң бийик делген жеринде - Көк-Арт ашуусунда курулуш жүрүп жатат. Аталган ашуу деңиз деңгээлинен 3300-3400 метр бийиктикте болсо, тоннель 2500 метр бийиктикте өтөт.
"Тоннель эки жагынан казылып жатат. Баштапкы долбоор боюнча казылчу жер катуураак болот деп болжолдонгон, тилекке каршы, түштүк тарабында жер жумшак жана суулуу болуп жатат. Андыктан тоннелди бекемдөөдө оорчулук жаралып, убакыт боюнча пландалган мөөнөттөн кеч бүтөт", - дейт
К.Ормонов.
Азырынча курулуштун 1-фазасына 3 өзгөртүү киргизилди: