Орусия Тажикстан өлкөсү менен аба каттамдарын токтотот. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн авиация тармагындагы пикир келишпестик бир нече убакыттан бери уланып келе жатат. Эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдары бүгүн, 22-декабрдан тартып өз ишин токтотот. Орусия буга чейин тажик тарапка коюлган милдеттенмелер аткарылбаса, каттамдар токтотуларын айтып келген.
Ал эми Тажикстандын Транспорт министрлиги өлкөдө орусиялык авиакомпаниялар басымдуу кылып жатканын, теңтайлаштыкты сактоо зарылдыгын айткан.