Депутаттар тоолуу аймактардын тургундарынын добуштары менен Жогорку Кеңешке келишкенин эстешти

Тоолуу аймактарда электр энергиясына байланыштуу көйгөйлөрдү чечиш керек. Мындай пикири менен бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев өкмөткө кайрылуу жасады.

Анын айтымында, мамлекеттик телеканалдар аба ырайы тууралуу ар түрдүү маалыматты берип жатышат. "Бишкекте 0° градус болгондо, баары сасык тумоо менен ооруп калышкан. Тоолуу райондордо -25° градус суук болуп жатат. Үшүп жаткандарды анда Бишкекке алып келели. Бул аймактардын тургундары бизди шайлашкан. Биз алардын ишенимин актап, жардам көрсөтүшүбүз керек", - деди Жолдошбаев.

Мындан тышкары ал Ат-Башыда катуу сууктан унаалар жүрбөй жатканын баса белгиледи. "Жолдор тайгак болуп, унаалар кырсыкка кабылышууда. Аймакта асфальт төшөлгөн, бирок кардан тазаланбай жатат", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Keremet008
2016-12-22 11:23:51
Ушусо Биш барса эле жакшына болуп калышат бекен ?
-2
Keremet008
2016-12-22 11:27:50
Тоолу тургундар Биш барса кандай тиргилик кылат ошондо ? Кайдагы эле болбогон нерсени айта бербей, айыл аралап тоолу райондорду кыдырбайсынарбы ал жерде отуруп суйлой бербей.
-1
omka100514
2016-12-22 11:42:25
Ушул сөздү сүйлөгөн депутат тоолу аймактардагы тургундарды борборго алып келип үйүнө жаткырып, тамак-ашын берип, даарыгерлерге көрсөтсүн.
Алар өздөрү Бишкекке келсе батирине акча төлөйбү же даарыланганынабы
+3
Revolyutsiya
2016-12-22 14:10:16
Ошончо адам жумушун-чарбасын таштап Бишкекке келмек беле. Жардам бергиси келсе ар тутунго 2-3 тоннадан бекер комур берсин, жолду бульдозер менен сурдуртуп тазалатып турсун оз убагында. Ошол аймактагы ФАБтардан кабар алып, оорусу серьезный болгондорду Бишкектин ооруканасына алдырышсын. Ушуларды кыла алса чон ишке жараган болушат.
+2
maks83
2016-12-22 19:55:06
бизге электр энергияны арзан берсе эле болду.оз арабабызды озубуз туртобуз.
0
nur_zhoni
2016-12-22 22:55:27
Биздин айылдын жолун ушул убака чейин кышында сургонун корбодум айда асфальт эмне экенин билбейбиз айылда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан